МКК депутаттардын макулдугусуз эле биометрикалык паспортторду берет

Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) 2017-жылдын жаз айында биометрикалык паспортторду бере баштайт. Буга чейин парламент комитети электрондук паспорттор боюнча мыйзам долбоорун кабыл албай, кайра иштеп чыгууну сунуштаган.

Парламент комитетинин электрондук паспорттор боюнча мыйзам долбоорун кабыл албай койгонуна карабастан жаңы документтер 2017-жылдын жаз мезгилинде бериле баштайт. Мыйзам долбоорунун демилгечиси, КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, бул үчүн өкмөттүн атайын токтому чыгарылмакчы.

«Негизинен өкмөттүн токтому менен деле кете берсе болмок, бирок мыйзам долбоорунда бул документтердин берилиши боюнча эрежелер так жазылган болчу. Эгерде аны кабыл алганда, жарандарга оңой болмок… Тилекке каршы, жактырбай коюшту. Мыйзам долбоорун кайрадан сунуштабайм, өкмөттүн токтому чыгат», — деди ал.

МККнын басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун айтымында, бул «маселе саясатташып кетти».

«Мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга жиберүү — бул жүз пайыз саясатташкан чечим. Бул нерседе кызыкчылыгы болгон топтор бар. Айрым депутаттар долбоордун айрым беренелерин иштеп чыгуу керек экенин айтышты, бирок биз болсо бардык сунуштарды эске алдык», — деди ал.

Эл аралык иштер боюнча парламент комитети Кыргызстанда биометрикалык паспортторду киргизүү боюнча мыйзам долбоорун карап, кайра иштеп чыгуу үчүн 27-декабрда жөнөткөн.

Электрондук паспорт — бул ичине чип салынган ID-паспорт, анын ичинде биометриялык маалыматтар, жаран тууралуу маалымат жана анын электрондук-санариптик кол белгиси (ЭСКБ) сакталат.

Документтин өзүндө жарандын улуту, үй-бүлөлүк абалы жана жашаган дареги тууралуу маалыматтар көрсөтүлбөйт — ал маалымат чипте сакталат.

Микрочип айдоочунун күбөлүгүнө, пенсия китепчесине, социалдык камсыздандыруу кагазына жана банк эсебине байланып турат.

ТЕМА БОЮНЧА: