Жогорку Кеңештин вице-спикери Тайванга барганы үчүн кызматтан кетти

Нурлан Алимбеков Тайванга барып келгендиги үчүн кыргыз парламентиндеги вице-спикерлик кызматынан кетти. Алимбековдун сапары, спикер Чыныбай Турсунбековдун айтымында, Кытай менен болгон достук келишимге каршы келет.

Алимбеков вице-спикерликтен 28-декабрда кетти. Кызматтан кетүүсүнө анын Тайван аралына барганы себеп болгон. Аталган аралды Кытай өзүнүкү деп анын көз карандысыздыгын тааныбай келет.

Алимбековдун айтымында, аралда өзүнүн жеке иштери менен болгон. Бирок анын сапары тууралуу Тайвандын маалымат агенттиктери кабарлашкан.

«Сапарга кеткен каражат каралган эмес жана бул боюнча комитеттин чечими болгон эмес. Жолугушуулардын алкагында эч кандай расмий документтер каралган эмес. Ошондуктан Тайвандын маалымат агенттиктери жолугуулар боюнча маалыматты кандай максатта таратканы мага белгисиз, анткени жолугушуулар расмий эмес болчу», — деди Алимбеков.

Тайвандын борбордук маалымат агенттигинин кабарлашынча, Алимбеков жергиликтүү саясатчылар менен парламенттин ишмердүүлүгү, демократияны өнүктүрүү жана кызматташтыктын зарылдыгы боюнча сүйлөшкөн.

Парламент спикери Чыныбай Турсунбеков Алимбековдун сапары Тайванга карата кыргыз бийлигинин позициясына жана Кытай менен достугуна каршы келет деген.

Кыргызстан Кытай менен 2002-жылдын июнунда ынтымактуу коңшулук, достук жана кызматташтык боюнча келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, кыргыз бийлиги Тайвандын Кытайдан көз карандысыздыгын тааныбашы керек.

«Кыргыз тарап дүйнөдө бир гана Кытай бар экенин, Кытай Элдик Республикасынын өкмөтү бүтүндөй Кыйтадын жалгыз мыйзамдуу өкүлчүлүгү болуп эсептелээрин, ал эми Тайван Кытайдын ажырагыс бир бөлүгү экенин тааныйт», — делет 2002-жылдын июнундагы документте.

Турсунбеков билдиргендей, Алимбековдун жолугушуусу кыргыз бийлиги менен да, Тайвандын расмий өкүлдөрү менен да макулдашылган эмес.

«Мындан улам биз тиешелүү жыйынтык чыгарып, болгон окуянын жагымсыз кесепеттерин жоюу үчүн чара көрүшүбүз керек», — деген спикер.

Тайван (же болбосо Кытай Республикасы) — XIX кылымдын башында өз көз карандысыздыгын жарыялаган арал өлкө. Кытай болсо аралдын көз карандысыздыгын тааныбай, өзүнүн аймагы деп келет.

Кытай Кыргызстанга ири грант берген жана инвестиция кылган өлкөлөрдүн бири. Жыл башынан бери Кытайдан Кыргызстанга инвестициясы 50 пайыздан жогорулап, 120 миллион долларды түзгөн.