Милициянын эксперименти: Бишкектеги мекемелердин күзөтчүлөрү бомбанын муляжын байкаган жок

Милиция кызматкерлери күзөтчүлөрдүн сактыгын текшериш үчүн Бишкектеги мекемелерге бомбанын муляжын алып келип турушкан. Эксперименттин жүрүшүндө күзөтчүлөрдүн эч кимиси ыктымал коркунучту байкаган да эмес.

Октябрь районунун милициясы, атайын кызматтары жана прокуратурасы Бишкектеги мекемелердин коопсуздук кызматтарына чогуу эксперимент коюшканын Бишкек ШИИБнин басма сөз борбору кабарлады.

«Көрсөтмө террорчу» аттуу эксперименттин жүрүшүндө милиция кызматкерлери колго жасалган бомба түрүндөгү муляжды пайдаланышкан.

Атайын даярдалган адам — «шарттуу террорчу» — гипермаркетке, ЖОЖго жана эки оюн-зоок борборуна ошол муляжды тунук пакетте алып өткөн.

Эксперименттин жүрүшүндө күзөтчүлөрдүн эч кимиси «шектүү» буюмга көңүл да бурган эмес.

Жалпысынан милиция төрт мекемени — «Фрунзе» гипермаркетин, «Технопарк» көңүл ачуу борборун, «АЮ Гранд комфорт» соода борборун жана Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин — текшерген.

Бишкек милициясы «Фрунзе» менен «Технопарктын» коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү террордук аракет учурунда эмне кылыш керектиги тууралуу инструктаждан өтпөгөнүн да билдирди.

«Технопарктын» коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жетекчиси баш болуп колго жасалган жардыруучу түзмөктүн табылганы жана алынганы тууралуу акт түзүүгө катышуудан баш тартышкан.

Башка бардык мекемелерде колго жасалган бомбанын табылганы тууралуу актылар түзүлүп, түшүндүрүп-алдын алуу иштери жүргүзүлгөн. Күзөтчүлөрдүн баарынан түшүнүк кат алынып, алар үчүн террордук коркунучка карата туура чара көрүү жана ага каршы аракеттенүү боюнча инструктаж өткөрүлгөн.