Өзбекстан менен Тажикстан 24 жылдан кийин авиакаттамын кайра жандандырат

Өзбекстан менен Тажикстан өз ара авиакаттамды кайра жандандыруу тууралуу протоколго кол коюшту. Коңшулаш бул эки мамлекеттин ортосундагы түз авиакаттамдар 1992-жылы токтоп калган болчу.

2017-жылдын январынан тартып Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы авиакаттам кайра жанданат. Тараптар бул тууралуу протоколго 28-декабрда эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусунда кол коюшту. Учактар Ташкен-Дүйшөмбү рейси боюнча каттай баштайт. Рейстердин баштала турган так убактысы азырынча белгисиз.

Аба каттамдары жаатындагы кызматташтык тууралуу протоколго эки өлкөнүн транспорт мекемелери быйыл 30-ноябрда эле кол коюшкан. Анда 24 жылдан бери биринчи жолу Ташкен-Дүйшөмбү чартердик рейси каттаган.

Ошондон кийин авиациялык мекемелерге учактардын каттамын калыбына келтиргидей кылып, аба каттамы тууралуу өкмөт аралык келишимди иштеп чыгуу тапшырылган. Мындан тышкары, протокол транзиттик каттамдарга жол ачып, аба аркылуу жүк ташууга да мүмкүнчүлүк берет.

Комиссиянын кийинки отуруму Ташкенде 2017-жылы болот.

1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш чыгып, беш жылга созулган. Жарандык согуш башталган соң Өзбекстан өз коопсуздугу үчүн Тажикстан менен авиакаттамдарды токтотуп койгон.