Орусия АКШга каршы жооп иретиндеги санкцияларды даярдап жатат

Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва АКШнын санкцияларына «ылайыктуу жооп» даярдап жатканын, алар «Америка тарапка кыйла ыңгайсыз болоорун» билдирди.

АКШнын президенти Барак Обама Орусияга каршы, атап айтканда Орусиянын атайын кызматтарына жана дипломаттарына каршы жаңы санкцияларды киргизди. 35 дипломат АКШдан үч сутка ичинде чыгарылат.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жаңыдан киргизилген санкциялар тууралуу пикирин айтып, Орусия «ылайыктуу жооп берээрин» билдирди.

«Азырынча мен кандай жооп болоорун айта албайм, бирок биз билгендей бул жерде кылганына жараша жооп берүү принциби талашсыз иштейт. Албетте, ылайыктуу жооп берилет», — деди ал.

Дмитрий Песков Обаманын аракеттери АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын позициясын алсыратууга багытталган деп эсептейт.

«Болочок администрацияга жана болочок, шайланган президентке жүрүш-туруш модели таңууланып жатат», — деди Песков.

Орусия ТИМинин өкүлү Мария Захарова алда канча катуу сөз айтты. «Фэйсбуктагы» баракчасында ал Барак Обаманы жана анын администрациясын «саясий шоркелдейлер» деп атады.

CNNдин маалыматы боюнча, Орусиянын «ылайыктуу жообу» эмитен эле Москвадагы америкалык дипломаттардын балдары үчүн мектепти жабуу жолу менен бериле баштады. Мындан тышкары, басылманын маектеши Америка элчилигинин эс алуу үйү жабылган дейт.

АКШ Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизип жатканын Американын Финмини жарыялаган. Алар Орусиянын атайын кызматтарына, компьютердик технологиялар менен байланышкан компанияларына жана АКШдан 72 саат ичинде чыгып кетүүгө милдеттендирилген Орусиянын 35 дипломатына тиешелүү болду.

АКШ Орусияны Америкадагы шайлоого таасир көрсөтүүнү максат кылган киберчабуулдар үчүн айыптап жатат. Жаңы санкцияларды киргизүүгө да ошол себеп болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:


АКШ 35 орусиялык дипломатты үч сутка ичинде өлкөдөн чыгарат