Узап бараткан жылдагы кайсы фильмдери жаңы жылдык столдо көрсө болот?

Жаңы жылдык стол футбол сыяктуу эле эч качан өзгөрбөйт: кылдат салынган оливье, жаңы мандарин жана албетте телевизордо «Тагдыр тамашасы». Маркетологдор менен кино тартуучулар бул түзүлүштү көрүүчүлөргө жаңы жылдык ар кандай жаңы окуяларды жаратуу менен өзгөртүүгө аракет кылышат, бирок кырдаалды өзүңүз да колго алсаңыз болот. Эки коёнду бир ок менен атыңыз деп айтат элек — тиешелүү маанайда болуп, жаңы киного да баа берсеңиз болот.

«Аномализа»

Жаңы жылдык градус: 0%

Режиссер: Чарли Кауфман
Режиссер: Чарли Кауфман

Чын чынына келгенде, Чарли Кауфмандын куурчак тасмасында баары эле начар эмес. «Аномализа» (Anomalisa) — бул сүйүү жана сүйбөө туурасында меланхолиялык окуя. Анда пластилинден жасалган шектүү каармандар жигердүү командировкалык романды ойношот. Жаңы жылга (же болбосо андан кийин дагы) фильм жөнөкөй эле себептерден улам туура келбейт: жасалма интеллект жана келечектеги башка кубанычтар тууралуу эс алгандан кийин гана ойлонууга болот.

«Кыйроо»

Жаңы жылдык градус: 10%

Режиссер: Жан-Марк Валле
Режиссер: Жан-Марк Валле

«Кыйроону» (Demolition) жаңы жылдык тасма катары көрсө болот, эгер узап бараткан 2016-жылды бир чоң катастрофа катары эсептесеңиз (бул негизи татаал деле эмес). Жан-Марк Валленин фильми — бул бизди өтүп кеткен соңку оор 12 айдан алыстатып, жаңы жылга карата руханий тынчтык жана кубат берүүгө үндөгөн терапевтикалык сеанс.

«Жульетта»

Жаңы жылдык градус: 20%

Режиссер: Педро Альмодовар
Режиссер: Педро Альмодовар

Деңиз жээгиндеги майрамдар — бул сыйкырдуу жомок, кар аралаш салтка каршы келсе да. «Жульеттада» (Julieta) майрамдар жок, бирок өтө көп суу, кумжээк, күн жана сулуу аялдар бар. Педро Альмодовардын таң калтырбаган тасмаларынын бири жаңы жылдык столго эки гана төшөк сахнасынан улам туура келбейт.

«Кловерфилд, 10» / «Бөлмө»

Жаңы жылдык градус: 30%

Режиссер: Дэвид Трахтенберг / Леонард Абрахамсон
Режиссер: Дэвид Трахтенберг / Леонард Абрахамсон

«Кловерфилд, 10» (10 Cloverfield Lane) триллери менен «Бөлмө» (Room) драмасы эки гана деталь бириктирип турат. Эки картина тең ушул жылдын башында чыгып, экөөнүн тең көпчүлүк бөлүгү бир жабык имараттын ичинде болуп өтөт. Тандоо силердин эмнеге артыкчылык берээриңерден көз каранды: адреналин алгыңыз келсе, биринчи вариант, жүрөк элжиреткен жана жылыткан окуяны самап жатсаңыз, анда экинчиси. Кар жана жаңы жылдык балатыны көрбөйсүз, бирок голивуд хэппи энди менен маанайыңыздын көтөрүлүшүнө кепилдик берилет.

«Аман калган»

Жаңы жылдык градус: 40%

Режиссер: Алехандро Гонсалес Иньярриту
Режиссер: Алехандро Гонсалес Иньярриту

Быйыл Жаңы жылга карыбыз көп эле, картинанын чуулгандуу «Аман калган» (The Revenant) менен толуктасак да болот. Тоолор, кар күрткүсү, аюлар жана тост көтөрбөй деле койсо боло турган Ди Каприо. Оскар алган Иньярритунун тасмасы конокторду позитивге оробосо да, аларга сөзсүз күч берет.

«Лавинг»

Жаңы жылдык градус: 50%

Режиссер: Джефф Николс
Режиссер: Джефф Николс

Бул чырайлуу, тарбиялуу жана жагымдуу эки америкалыктын эрксиз түрдө системага каршы барганы жөнүндөгү окуя: Лавингдин Виргинияга каршы 1967-жылдагы легендарлуу иши быйыл жазда гана экрандаштырууга татыктуу болгон. «Лавинг» (Loving) — бул ксенофобия жана кир саясатка толгон жылдан кийинки жан дүйнөгө бальзам. Бир адамдын жашоосу миллион адамдын жашоосуна тете деген идеяны камтыган фильм эч жерде ашыкчалык кылбайт.

«Неон демон»

Жаңы жылдык градус: 60%

Режиссер: Николас Виндинг Рефн
Режиссер: Николас Виндинг Рефн

«Неон демон» (The Neon Demon) менен жаңы жылдык майрамдоонун аралашмасы сизге күлкүлүү эмес таанышыңыздын мас тамашасындай көрүнүшү мүмкүн. Сиз дагы кандайдыр бир деңгээлде туура пикирдесиз. Каннибализм, некрофилия жана башка Лос-Анжелес подиумунун каардуу жактары — бул сизге «Тагдыр тамашасы» эмес, бирок Рефндин тасмасы эң кур дегенде дүйнөдөгү бардык жаңы жылдык балатыдан жарыгыраак жанып, бардык бөлмөнү жер шарында болбогон өңдөргө бөлөйт.

«Күн нурунда»

Жаңы жылдык градус: 70%

Режиссер: Виталий Манский
Режиссер: Виталий Манский

Советтик кино эмес, ностальгиялык маанай жана пионердик дух керек болгондорго Жаңы жылда Түндүк Корея тууралуу «Күн нурунда» даректүү тасмасын коюп берсе болот. Иш жүзүндө кылмыштуу жагдайлар менен тартылган Виталий Манскийдин даректүү тасмасы жаңы жылдык атмосфераны кызыл жагоочон мектеп окуучуларынын хору жана жаш пионер кыздын чын дилинен чыккан көз жашы менен кооздойт.

«Ал»

Жаңы жылдык градус: 80%

Режиссер: Пол Верхувен
Режиссер: Пол Верхувен

Француз күнүмдүк кубулушу бардык постсоветтик майрам алдындагы убайым тартуулардан жогору турат. Башаламандык жана ашыкча социалдык байланыш болгон кезде, француз столго олтуруп, кофе буйрутма кылат. «Ал» (Elle) кандайдыр бир деңгээлде чуулгандуу болсо да (мисалы сулуу болгон Изабель Юппердин дайым эле зордукталуусу), картинанын шакабалуу жагы барыбир натыйжада жеңип кетет.

«Светтик жашоо»

Жаңы жылдык градус: 90%

Режиссер: Вуди Аллен
Режиссер: Вуди Аллен

Чынын айтканда, бул жерге Вуди Аллендин соңку беш фильминин кайсынысын койсо да болот жана натыйжа да бирдей эле жакшы болот. «Светттик жашоо» «Париждеги түн» же «Рим окуялары» сыяктуу эле толугу менен эч нерсени таңуулабаган жана көз жоосун алган кино. Бөлмө температурасында көрүү сунушталат.

«Муздак фронт»

Жаңы жылдык градус: 100%

Режиссер: Роман Волобуев
Режиссер: Роман Волобуев

Бул тизмеде Жаңы жыл аралашкан жалгыз тасма. Негизи бул тасмада майрам башкы себеп эмес, болгону шылтоо. Бул жайкы фильм Нормандиянын живопистик жээгиндеги татынакай алачыкта тартылган, бул кандай гана майрам болбосун баарына ылайыктуу. Адамдар кадрда пайда болуп, анда-санда сүйлөп коюшат. Дал ушундай адамдын көңүлүн бурбаган тасмалар жаңы жылдык столго керек. Анткени майрам — бул адамдар, тамактар жана фейерверктер жөнүндө, ал эми кино дүйнөсүндөгү өткөрүп жиберген көз ирмемдерди каникулда да кайталап көрүп алса болот.