Мурдагы баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев эркиндикке чыкты

Элмурза Сатыбалдиев соттун чечими менен шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Мурдагы баш прокурор 2010-жылдагы апрель революциясында адамдардын өлүмү үчүн айыпталып, он жылга эркинен ажыратылган.

Экс-прокурор Сатыбалдиев абак мөөнөтүнүн үчтүн экисин өтөп бүткөнү үчүн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган.

Сатыбалдиев 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өлүмү үчүн күнөөлүү деп табылган. Ага сот залынан он жылга эркинен ажыраткан өкүм чыккан.

Материал жарык көрүп жаткан кезде Башкы прокуратура кабарчынын телефон чалуусуна жооп берген жок.

Президент Курманбек Бакиевдин учурунда Элмурза Сатыбалдиев Башкы прокуратураны башкарып, президенттин башкы кеңешчиси кызматын ээлеп турган.

Сатыбалдиевге каршы кылмыш иши 7-апрелде каза болгондордун туугандарынын каалоосу менен козголгон. 7-апрель окуясы боюнча жалпы 28 адам айыпталып суракка алынган.

Жогорку соттун чечими менен Сатыбалдиев 2010-жылдагы апрель революциясына катышкандарга ок чыгарганы үчүн күнөөлүү деп табылып, он жылга эркинен ажыратылган.

Ошондой эле мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов, президент администрациясынын башчысы Каныбек Жороев жана УКМКнын «Альфа» башкармалыгынын начальниги Алмазбек Жолдошалиевдер да он жылга эркинен ажыратылышкан.

Алардын баары «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча соттолгон. Бирок 2016-жылдын июнунда сот аларга карата амнистия жарыяланышы мүмкүн экенин кабарлаган.

7-апрелде каза болгондордун туугандары Жогорку сотко кайрылгандан кийин абакка кесилгендерге карата амнистия 29-июлда жокко чыгарылган.

Ушул эле иш боюнча өмүр бою эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо өкүмү кызматтан кулатылган президент Курманбек Бакиев жана анын бир тууганы Жаныбекке карата чыгарылган. Учурда алар саясий башпаанек алып өлкө сыртына чыгып кетишкен жана эл аралык издөөдө.

Бакиев 2015-жылдын ноябрында интервью берип жатып Кыргызстан менен соттошо турганын билдирген. Анын ою боюнча, ага жана анын үй-бүлөсүнө каршы козголгон кылмыш иши «ойдон чыгарылып жасалган».

ТЕМА БОЮНЧА:


Өзгөндөгү митинг: Чогулгандар мурдагы башкы прокурор Сатыбалдиевдин эркиндикке чыгарылышын талап кылышты