Стамбулдагы террордук чабуул: Полиция кыргызстандык же өзбекстандык жаранды издеп жатат

Түрк укук коргоо органдары Стамбулда жаңы жылга караган түнү адамдарды атып салган террорчу Кыргызстандын же Өзбекстандын жараны болгон деп эсептейт. Террордук чабуулдун жоопкерчилигин «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу өзүнө алды.

Түрк полициясы Стамбулдагы Reina түнкү клубуна кол салган террорчу Кыргызстандын же Өзбекстандын жараны болушу мүмкүн деп эсептейт.

Мурда ЖМКлар болжолдуу шектүү кишинин сүрөтүн таратышкан — ал чын эле Борбордук Азиянын тургунуна окшош. Белгисиз себептерден улам азыр шектүүнүн сүрөтү алынып салынган.

39 кишинин өлтүрүлүшү үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобу өзүнө алды.

ИГИЛдин жоочулары тараткан билдирүүдө «халифаттын аскери христиандар бутпарастык майрамды майрамдап жаткан клубга кол салганы» айтылат.

Террордук чабуул жаңы жылга караган түнү Стамбулдагы Reina клубунда болгон. Анда жүздөгөн кишилер бар болчу.

Киши өлтүргүч адегенде эшик кайтарып турган полиция кызматкери менен күзөтчүнү атып салып, андан кийин имаратка кирип барган. 39 кишини өлтүрүп, дагы 60ын жарадар кылып, кылмышкер полиция келгиче изин жашырып кеткен. Курал кылмыш болгон жерде калтырылган.

Киши колдуу болгондордун арасында 16 чет өлкөлүк болгон. Алар Орусиянын, Израилдин, Сауд Аравиясынын, Марокконун, Ливандын жана Ливиянын жарандары болуп чыкты.

ИГИЛ — бир нече өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда да экстремисттик деп таанылган уюм. «Ислам мамлекети» Иракта жана Сирияда «халифат куруу» боюнча иш жүргүзөт. Уюм өз душмандарына жана туткундарга карата таш боордугу менен белгилүү, ал элдин көзүнчө өлүм жазасына тартып, жапырт киши өлтүрөт.

Сүрөт: Reuters

ТЕМА БОЮНЧА:


Стамбулдагы теракт: 39 адам каза тапты, кол салган адам изин жашырып кеткен [жаңыланды]