Бразилия түрмөсүндөгү козголоң: 60тан ашуун киши өлдү

Баңгизат саткандардын өз ара жоолашкан бандалары Бразилиянын Мануас шаарындагы түрмөсүндө козголоң чыгарышты. Тополоңдун натыйжасында камактагы 60тан ашуун киши өлдү. Укук коргоочу уюмдардын пикиринде каза тапкандар алда канча көп, анткени Бразилиянын түрмөлөрүндө киши батпайт.

60тан ашык камактагы киши Бразилиянын Мануас шаарындагы түрмөсүндө чыккан козголоңдун натыйжасында каза тапты. Дагы 144 киши баш-аламандык маалында качып кетти. Азырынча алардын ичинен 40 киши гана кармалды.

Жергиликтүү Em Tempo гезити качып кеткен кылмышкерлердин тизмесин жарыялады. Алардын бири ал тургай «Фейсбук» коомдук түйүнүндө өзүнүн качып бараткандагы сүрөтүн жайгаштырган.

Мындан тышкары, басылма 80 киши курман болгонун жазып жатат. Журналисттердин маалыматына караганда, козголоңчулар өлтүрүлгөн кишилердин башын кесип, денесин түрмөнүн тышына ыргытып жиберишкен.

Тополоңдун себеби — жоолашкан баңгизат картелдеринин ортосундагы согуш. Баш аламандыктын натыйжасында түрмөнүн короосу жана босоголору канга боелгон, өрттөлгөн өлүктөргө толуп чыкты. 12 күзөтчү барымтага алынып, кийин алардын баары тирүү куткарылды.

Коомдук коопсуздук боюнча мамлекеттик катчы Серхио Фонтас болуп өткөн окуяны Бразилиянын түрмөлөрүнүн тарыхындагы «эң чоң кыргын» деп атады.

2016-жылдын октябрында Бразилиянын түрмөлөрүндө мындай баш аламандык мурда деле болгон. Анда касташкан кландардын колунан 33 киши каза тапкан.

Эң чоң түрмө козголоңу 1992-жылы Сан Паулуда болгон, анда 111 киши өлгөн. Ырас, анда 111 кишинин баары полиция тарабынан өлтүрүлгөн. 2013-жылы козголоңду басууга катышкан 23 полиция кызматкеринин ар бири 156 жылга түрмөгө кесилген.

Сүрөт: AFP