Атамбаев 2017-жылды ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялады

Президент Алмазбек Атамбаев «2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Быйыл мамлекет жарандардын «руханий дүйнөсүнө, адеп-ыйманына жана маданий деңгээлине» көңүл бурууга ниеттенүүдө.

Президенттин жарлыгында өлкөнүн өнүгүшү үчүн жаштар «сабырдуулуктун жана чыдамдуулуктун духунда» тарбияланышы маанилүү экени айтылат.

«Кыргыз мамлекетинин ийгиликтүү өнүгүшү үчүн жарандарыбыз, жаштарыбыз адептүү жана ыймандуу, терең билимдүү, башка ой-пикирлер менен көз караштарга сабырдуу болуп тарбияланууга жана өз элинин тарыхы менен маданиятын билүүгө тийиш», — деп айтлат президенттин кайрылуусунда.

Жарлыкка ылайык, мамлекеттик органдар «Кыргызстан элинин руханий-адептик баалуулуктарын өзүндө айкалыштырган» коомду түзүү боюнча аракеттерди координациялайт.

Атамбаев парламент менен өкмөткө жаштарга өзгөчө көңүл бууруга кеңеш берет.

«Калкыбыздын жарымынан көбүн 25 жашка чейинкилер түзөт. Алар - Кыргыз Республикасынын негизги ресурсу, келечектеги бакубаттыктын уюткусу», — деп айтылат жарлыкта.

Былтыркы 2016-жыл «Тарых жана маданият жылы» деп жарыяланып, анда «элдин руханий кайра жанданышына» өзгөчө көңүл бурулган.