Оорукчан бала үчүн берилген акчага атасы уулун табыптарга ташыш үчүн автоунаа сатып алды

Президенттик фонддон үч жашар баланы дарылоого бөлүнгөн 100 миң сомго атасы автоунаа сатып алды. Айтымында, ал баласын элдик табыптарга ташыш үчүн мындай кадамга барган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги гидроцефалия менен ооруган үч жашар баланын атасы Алмазбек Рыспаев уулун дарылоо үчүн кайрымдуулук иретинде чогулган акчага автоунаа сатып алганын билдирди.

Президенттик фонддон 2015-жылдын аягында Рыспаевдердин үй-бүлөсүнө баласын операция жасатып алсын деп 100 миң сом бөлүнгөн болчу.

Рыспаев өзү Kloop.kgге курган маегинде автоунаа сатып алганын ырастады. Ал уулу «операцияга жарабай тургандыгын», ошондуктан баланы элдик табыптарга алып барып көрсөтүш үчүн автоунаа сатып алганын айтты.

«Дарыгер "операция кылганга болбойт, биз эч нерсе кыла албайбыз" деп койду, анан биз [аны табыптарга алып бара баштадык]. Биз аны Америкага же Түркияга алып бара албайбыз, ал операцияга жарабайт, жолду көтөрө албайт. Ошондуктан дарыгерлер "аны үйгө [Таласка] эле алып барган жакшы" дешти», — деди ал.

Ал өз чечимин баласын ар кайсы табыптарга алып барыш үчүн таксиге көп акча жумшаганы менен түшүндүрдү.

«Биз шунт коё албайбыз, башынан гана суу сордура алабыз. Мен баланы такси менен тияк-биякка ташып жүрдүм. "Операцияга жарабайт" деп айтышканда биз аны Токмок менен Бишкекке табыптарга алып бара баштадык. Бир таксист үч миң сом сурады, башкасы беш миң деди», — деп билдирди Рыспаев.

Баланын атасы автоунаа — «өзү деле акча» экенин, операцияга кошумча каражат керек болуп калса, аны сатып жиберээрин айтты.

«Эми акча — ушул автоунаа. Эгерде Түркияга же дагы башка жакка барганга шарт болуп калса мен муну сатам», — деди ал.

Үч жашар баланы дарылоого жардам керектиги тууралуу макала чыккандан кийин «Дизель» форумунда акча жыйнала баштаган.

Бала гидроцефалия деген оору менен жабыркайт: анын башында жүлүн суюктугу ашыкча топтолуп, анын айынан башынын өлчөмү дайыма чоңоюп турат.

Сүрөт: «Турмуш» маалымат агенттиги