Бишкектин мэрин шайлоо: Ибраимов Абдылдаевдин дебатка чакырыгын кабыл алды

Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимов келеткан шайлоого катыша турган атаандашы Нурдин Абдылдаевдин теледебаттарга катышуу чакырыгын кабыл алды. Бишкек тургундары талапкерлерге өз суроолорун түз эфирден бере алышат.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Бишкектин мэрлигине талапкер болгон Абдылдаев шаардык кенештин депутаттары тарабынан шайланып жатканына карабастан, бул теледебат шаар тургундарын шайлоо процессине аралаштыраарын белгиледи.

«Спутник» маалымат агенттиги менен болгон маегинде ал: «Мэрдин шайланышы жөн гана 45 адамдын чечими эмес, бардык шаар тургундарынын көз карашы болушу керек. Демек, шайлоо процессинде шаардыктар активдүү катышышы керек» деди.

Ошол себептен улам, ал өзүнүн ордун сактоого аракет кылган азыркы мэр Албек Ибраимовду дебатка чакырды.

«Мен аны көптөн бери билем, ал татыктуу талапкер. Биз баары бир өзүбүздүн программабызды депутаттарга тааныштырабыз, ошол себептен дебатка чыккандан кыйналбайм», — деди Ибраимов.

Азырынча дебат кайсы телеканалда өтөөрү белгисиз, бирок эфир 9-январдан кийин болоору маалым — азыркы мэр ден соолугуна байланыштуу дебатты кийинки жумада өткөрүүнү суранды.

Бишкектин мэринин мурунку шайлоосу альтернативасыз негизде болгон. Ал кезде Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалициядан жалгыз гана Албек Ибраимов талапкер болгон, ошол себептен ал мэрдин кызматын ээлеп калган.

Эми болсо таймаш эки талапкердин арасында болуп жатат, бирок Абдылдаевден айырмаланып, Ибраимовдун артында шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция жана президентти колдогон социал-демократтар фракциясы бар.

Бишкектин мэрин шайлоо күнү 11-январда болот. 11-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин жаңы курамы шайланганына байланыштуу жаңы мэрди шайлоо зарылчылыгы келип чыккан.

ТЕМА БОЮНЧА: