«Эйр Кыргызстан» өз акцияларын «Түштүк-Кытай авиалинияларына» саткысы келет

Кыргыз мамлекеттик «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясы өз мүмкүнчүлүгүн кеңейтиш үчүн кытай авиа жүк ташуучусу «Түштүк-Кытай авиалиниялары» менен аралашкысы келет.

Келишим тууралуу демилгени Кыргызстандын Транспорт министрлиги көтөрүп, «Түштүк-Кытай авиалинияларына» мамлекеттик «Эйр Кыргызстанды» сатып алууну сунуш кылды.

Жооп катары «Түштүк-Кытай авиалинияларынын» башкы директору Ли Лян кытай тарап биргелешкен ишкана түзүүгө кызыгаарын билдирди.

«Бул ишкананы түзүүдө кытай тарап авиапаркты заманбап учактар менен толтуруп, учуу географиясын дүйнөнүн бардык континенттерине кеңейтүүгө ниеттенет», — деп билдирди министрлик.

Эгерде өкмөт кытай авиакомпаниясы менен биротоло кепке келишсе, беш жыл ичинде «Эйр Кыргызстанда» кошумча алты учак пайда болот.

«"Манас" жана "Ош" аба майдандарынан башталган азыркы эл аралык рейстерди улантуу жана жаңыларын кошуу аркылуу учуунун географиясы кеңейтилет. Бул ушул аба майдандарынын транзиттик хаб катары өнүгүшүнө өбөлгө түзөт», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

«Эйр Кыргызстан» 2016-жылдын сентябрында чет элдик авиакомпания-инвесторлор менен аралашканга аракет кылып көргөн. Бирок анда кызыккан катышуучулар болбогондуктан конкурстук тандоо өтпөй калган.

Транспорт министрлиги түшүндүргөнүнө караганда, чет элдик компаниялар акциялардын көзөмөл пакетине, башкача айтканда 51 пайызга ээ болгусу келет. Бирок Кыргызстандын Аба кодекси чет элдик компаниялардын 49 пайыздан ашыкы акцияларга ээ болушуна жол бербейт.

«Түштүк-Кытай авиалиниялары» — Азиядагы эң ири авиакомпания. Ташыган жүргүнчүлөрүнүн саны боюнча ал дүйнөдө алтынчы орунда турат. 2014-жылы компаниянын кызматынан 100 миллиондон ашуун жүргүнчү пайдаланган.