Сот активистти «Фэйсбукта» депутаттан кечирим суроого милдеттендирди

Оппозициячыл активист Мавлян Аскарбеков «Фэйсбукта» депутат Дастан Бекешевдин азиздер жана дүлөйлөр коомундагы мыйзамсыз иштерге тиешеси тууралуу пост үчүн кечирим суроого милдеттендирилди.

Бишкектин Октябрь райондук соту Аскарбеков 700 сомдук штраф төлөп, депутат Дастан Бекешевден расмий кечирим сурасын деп токтом чыгарды.

Кечирим сураган текст «Фэйсбукта» Аскарбеков Бекешевди азиздер жана дүлөйлөр коомундагы алдамчылык үчүн айыптаган посттун алдында жайгашышы керек. Депутат өзү соттук териштирүү учурунда активисттин сөзүн жокко чыгарып келген.

Сот Аскарбеков постту бир ай ичинде жоготпой, редакциялабай сактап турсун деп токтом кылды.

Активисттин коомдук коргоочусу Адил Турдукулов соттун чечимин «бийликтин Кыргызстанда сөз эркиндигин кысымга алуу боюнча системалуу жана комплекстүү өнөктүгү» деп атады.

Ал соттун чечими Аскарбековго каршы багытталбаганын, ал эми «Фэйсбуктун» кыргыз сегментинде «өзүн өзү цензуралоо» пайда болгонун баса белгиледи.

«Бул өлкөнүн бардык колдонуучуларына каршы багытталган, анткени кийинкисинде бийликке сын пикири бар киши бир нерсе айткандан коркуп калат. Буга жол бергенге болбойт, муну ушул этапта токтотуш керек», — деди ал Kloop.kg менен болгон маекте.

Анын айтымында, Аскарбековду коргогон тарап соттун чечиминин үстүнөн арызданат.

Бекешев убактысы жок экенин айтып, Kloop.kgнин журналисттерин кечирээк байланышууну өтүндү.