«Укмуштай сонун кофе!»: 2017-жылы кандай сериалдарды көрсө болот?

UNITED STATES - DECEMBER 12: TWIN PEAKS - Gallery - Season One - 12/12/89, Homecoming queen Laura Palmer is found dead, washed up on a riverbank wrapped in plastic sheeting. FBI Special Agent Dale Cooper (Kyle MacLaughlin) is called in to investigate the gruesome murder in the small Northwestern town of Twin Peaks. Sherilyn Fenn stars as Audrey Horne, the teenage daughter of a wealthy businessman. , (Photo by ABC Photo Archives/ABC via Getty Images)

Албетте, кирип келген жыл көнүмүш уландылары жок өтпөйт: «Тактылар оюндарындагы» эт менен секс, «Чоң жарылуу теориясындагы» тажаткан тамашалар жана «Кыздардагы» жасалма сезимдер кала берет. Теле өндүрүшүндөгү жаңылыктар алда канча көбүрөөк көңүл бурууга татыктуу, алар 2017-жылы бир топ эле болот.

«Тыюу»

Taboo, 10-январь

Эки жүз жыл мурунку Лондондо коюлган кеңири тарыхый драма — Стивен Найттын («Кырдуу кыргактардын» автору) жана Риддли Скотттун жаңы долбоору болгон «Тыюуга» кош келиңиздер. Сериалды афиша же Том Хардинин сакалы үчүн эле эмес, арышы үчүн да күтсө болот: узакка созулган «Тактылар оюндары» үстөмдүк кылган өндүрүштө согуш сюжеттери бар сапаттуу чакан сериалдар алтындын баасына тете.

«Эки»

The Deuce, 2017

Американын порноөндүрүшүнүн тарыхына эч качан кызыгып көргөн жок белеңер? 1970-жылдары кинонун бул түрү кантип мыйзамдашкан? Билбейсиңерби? Ошого карабастан, HBOнун бул суроого жообу бар, болгондо да бир топ кызыктуу. «Экиде» бир эмес, эки роль аткарган Жеймс Франко Мэгги Жилленхол менен бирге ошол окуяны айтып берет — ал эми Жеймс Франко режиссердук креслодо да отурган соң, зериккенге болбой калат.

«Чоң кичине калп»

Big Little Lies, 19-февраль

Сериалдар чоң актерлорду улам көбүрөөк тартып жатышат. НВО телеканалынын «Чоң кичине калп» долбоору Голливуддан Оскардын ээси болгон эки актрисаны, Николь Кидман менен Риз Уизерспунду дароо тартып кетти. Тоодогу тынч курортто эс алып, «күнөөсү менен жарышкан» жаш энелердин тобу — бул силерге тынч отуруш менен «Чоң шаардагы секс» эмес.

«Кызматчы кыздын баяны»

The Handmaid’s Tale, 26-апрель

Калктын тукум улашы кызматчы кыздар аттуу аялдардын атайын табына табышталган гендердик антиутопия америкалык коом үчүн өтө маанилүү, бирок бизде анча кеңири таркаган эмес. Маргарет Антвуддун «Кызматчы кыздын баянына» караганда Оруэлл менен Хакслинин ушуга окшогон иштери тууралуу укккан жеңилирээк. Ошондуктан сериалдын арымы таң калтырбайт: Hulu стриминг кызматы башкы ролун жаңы киножылдыз Элизабет Мосс ойногон романдын ири жана кымбат ыкташмасын даярдайт.

«Американын кудайлары»

American Gods, 2017

Нила Геймандын «Американын кудайлары» аттуу фантастикалык романын экрандаштыруу кара күчкө салып иштейт көрүнөт. Брайан Фуллердин жаңы долбоору (ага силер «Ганнибалдын» үч сезону үчүн рахмат айтсаңар болот) FX и HBO акылдуусунган драмалары менен эмес, Марвелдин сериалдары жана «Дин үгүтчүсү» менен атаандашат. Актерлор курамында эч кандай жылдыздар жок, бирок мындай бестселлер боюнча долбоор үчүн алар кереги деле жок.

«Темир муштум», «Коргоочулар» жана «Жазалоочу»

Iron Fist, The Defenders, Punisher, 17-март

К слову о марвеловских сериалах — Netflix готовит тройку. Пока киностудия клепает из супергеройских сюжетов самые прибыльные блокбастеры года, стриминговый сервис продолжает покорять менее известных персонажей. В прошлые два года ими стали Сорвиголова, Джессика Джонс и Люк Кейдж, а в грядущем — Железный кулак и Каратель. Плюс, мини-сериал «Защитники» всех этих героев объединит и попробует сделать свою версию телевизионных «Мстителей» — и кто знает, у Netflix есть все шансы в этом преуспеть.

«Кастык»

The Feud, 2017

Райан Мерфи адамбы? Бул режиссер менен продюсердин аркасында акыркы он жылдагы эң ийгиликтүү сериалдардын тизмеси турат: «Хор», «Американын үрөй учурган окуялар тарыхы» жана «Американын кылмыштар тарыхы». Акыркы экөө уланчудай болуп турганына карабастан, Мерфи 2017-жылга дагы бир антология-долбоор менен кирген жатат: ал «Кастык» сериалы.

Аталышынан эле көрүнүп тургандай, сюжет атактуу кастык окуяларынын тегерегинде айланат — ошентип Мерфи Жоан Кроуфорд менен Бетт Дэвистен баштайт, алар өмүр бою атаандашып, эки актриса үчүн тең өтө чоң мааниге ээ болгон фильмдин тартылышында беттешет.

«Акыркы магнат»

The Last Tycoon, 2017

Фрэнсис Скотт Фитцжеральд — бул жалаң гана «Залкар Гэтсби» эмес. Бул, мисалы, Голливуд, 1930-жылдар жана нацизм тууралуу бүтпөй калган «Акыркы магнат» романы дагы. Жакында чыккан Баз Лурмандын «Гэтсбисинин» киноылайыкташмасынан кийин өзүн кыйла жакшы сезген сериал 2018-жылы да чыгышы ыктымал — Amazon бул долбоордун чоо-жайын бөлүшпөйт, андыктан долбоордун көп өңүттөрү алмашып кетиши да мүмкүн.

«Твин Пикс»

Twin Peaks, 2017-жылдын ортосу

Агент Купер жана эң сонун кофе кайтып келишет: Дэвид Линч менен Марк Фросттун дуэти тарыхтагы эң таанымал сериалдардын бирине кайрадан киришти. «Твин Пикстин» үчүнчү сезону тартылып бүттү жана ал быйыл жыл ортосунда чыгып калат — азырынча андан тагыраак датасы жок. Экранга эски каармандар келет (Лора Палмердин атасы, официантка Шелли Жонсон, Дейл Купер өзү жана башкалар) жана аларга алда канча атактуу актерлор командасы кошулат (Дэвид Духовны, Наоми Уоттс, Аманда Сейфрид жана ал тургай Моника Беллучи).

«Оптимисттер»

2017

«Лондонград» жактыбы? Анда туура келдиңер: Михаил Идов жана бул сериалдын биринчи сезонун жазган анын аялы Елена Ванина жаңы долбоорго киришти. Москваны, 1960-жылдарды жана совет чындыгы үчүн табышмактуу көрүнгөн дипломаттардын турмушун тартышты.

Режиссерлук креслодо — Алексей Попогребский, аны силер «Бул жайды мен кантип өткөрдүм» деген триллерден таанысаңар болот, башкы ролдо — Владимир Вдовиченков, ал эми экрандын жогорку оң жак бурчунда «Россия» телеканалынын логотиби.