Мурдагы депутатты кыйноо боюнча иш: Эч ким соттолбойт

ИГИЛдин жоочуларын каржылады деген айып менен камакка алынган мурдагы депутат Максат Кунакунов сурак учурунда кыйноого туш болгонун билдирди. Аскердик прокуратура кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу Кунакуновду кыйнады деген атайын кызмат өкүлдөрүнө каршы кылмыш ишин ачуудан баш тартты.

Максат Кунакуновду кыйноо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан Аскердик прокуратуранын расмий жообун укук коргоочу Рита Карасартова «Фейсбуктагы» өз баракчасына чыгарды.

Аскердик прокуратуранын тергөөчүсү Н. Үмөталиев баш тартуунун себебин атайын кызмат өкүлдөрүнүн аракетинде кылмыш курамынын жоктугу менен түшүндүрдү. Кыйноо фактысы боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жана Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (МЖАК) кызматкерлери текшерилген.

Максат Кунакунов 16-июлда Бишкекте жана анын тегерегинде жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө жок кылынган «Ислам мамлекетинин» жоочуларын каржылады деген айып менен 20-июлда камакка алынган.

Кармалгандан кийин Кунакунов өзүнө каршы козголгон иштин бурмаланганын, өзү болсо ишти иликтөө учурунда кыйноого дуушар болгонун айткан.

«Үч кылмышкер өлтүрүлгөн, тиешеси бар алты киши кармалган 2015-жылдын 15-июлундагы окуяларга токтолуп көрөлүчү. Алар кайда? Алар жеринде кармалган. Кылмышка шериктерим деген кишилерди мен УКМКнын ТИЗОсунан биринчи жолу көрдүм», — деди жабык сот отурумунда Кунакунов.

Максат Кунакунов күнөөсүн моюнга алган жок. Мамлекеттик айыптоо аны мүлкүн конфискациялоо менен 30 жылга эркинен ажыратууну суранды. Сот 2016-жылдын аягында өкүмдү угузмак, бирок ишти кароо дагы бир жолу кийинкиге калтырылган.

Камакка алынган маалда Кунакунов «Жаштар өкмөтү» жаштар уюмунун жетекчилеринин бири болчу. Кунакуновдун саясий карьерасы ал «Ак-Жол» партиясынан парламент депутаты болуп шайланган 2005-жылы башталган.

ТЕМА БОЮНЧА: