Дарыгер намазга шылтап, талмасы кармаган баланы кабыл албай койгон

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Кыргызстандын ооруканаларынын биринде иштеген дарыгер намаз окуй турган маалы келип калганын айтып, талмасы кармаган баланы кабыл албай койгонун кабарлады. Муфтият дарыгерди сынга алып, адегенде бейтапка жардам бериш керек болчу деп билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Елена Баялинова Кыргызстандын ооруканаларынын биринде иштеген дарыгер намаз окуй турган маалы келип калганын айтып, талмасы кармаган баланы кабыл албай койгонун кабарлады.

«Дин биздин мамлекетте үй-бүлө институтун башкарып калды, биз жоопкерчиликсиз көп аял алуу жана каралбай калган балдар мүшкүлүнө туш келдик. Эми адамдардын ден соолугу тобокелге салынышына жол берүүгө болбойт», — деп эсептейт Баялинова.

Баланын тууганы болгон журналист Хулькар Исамова оорукананын директору андан кечирим сурап, дарыгер менен өзүнчө сүйлөшкөнүн 24.kg маалымат агенттигине билдирди.

«Кечээ намазга шашып жаткан дарыгер менин туугандарыма чейин 20дай баланы кабыл алганын, реанимациядан түшүп келатканда намаз окуп алганга уруксат сураганын түшүндүрдү. Мындан тышкары, ал бейтап кыз акыл-эси ордунда жана жандуу жүргөнүн белгиледи», — деди Исамова.

Кыргызстан муфтиятынын башчысынын орун басары Акимжан ажы Эргешов дарыгерди муктаж болгон адамга жардам бербей койгону үчүн сынга алды. Ал дин боюнча дарыгер бул жоругу үчүн Кудай алдында күнөөкөр деп эсептейт.

«[…] Дарыгер оорукчан адамга жардам берүү милдетин өзүнүн руханий муктаждыгын ойлоп кийинкиге калтырганы үчүн Кудай алдында күнөөлүү. Адамда намаз окууга убакыт жетиштүү. Бул оорукчан адамды калтырып коюп кете бергенге себеп эмес», — деди ал Zanoza.kg басылмасына.

Сүрөт: «Спутник»