Флоридадагы ок атуу: Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Кыргызстандын ТИМи АКШдагы Флорида штатында болгон атышууда өлүп жана жарадар болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин билдирди. Флоридадагы Форт-Лодердейл аба майданында Ирак согушунун ардагери 7-январда 5 кишини атып салган.

Флориданын түштүк-батышындагы Форт-Лодердейл курорттук шаарчасынын аба майданында Ирак согушунун ардагери Эстебан Сантьяго 5 кишини атып салган. Он адам жарадар болуп, ызы-чуунун эсебинен тыгылышта 37 адам дагы жабыркады.

Алдын ала маалыматтарга караганда жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экендигин ТИМ билдирди.

АКШнын федералдык прокуратурасы ок аткан кишиге расмий түрдө айып койду. Аны өлүм жазасы күтүп турат.

Азыркы учурда кол салуунун себептерин полиция тактап жатат. Кармалгандын туугандары ал Ирактан келгенден кийин психикалык жактан ден соолугу начарлап калганын кабарлашты.

Тергөөчүлөр Эстебан Сантьягонун кол салышы терроризм менен байланышы бар экенин жокко чыгарышпайт. Бирок АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун кызматкерлери кылмышкердин үйүндө тинтүү жүргүзгөндө анын компьютеринде жана телефонунда террористтик уюмдар менен байланышын табышкан жок.

Полициянын өзүндө бул адам 2016-жылдын ноябрь айында ФИБге жардам сурап кайрылганын белгилешти. Ал өзүнүн аң сезимин атайын кызматтар көзөмөлдөп жатканын айткан.

Айыпталуучу АКШнын бийлиги аны «Ислам мамлекети» террордук уюмунун видеосун кыйнап көрсөткөнүн айткан.

Анкориж шаарындагы ФИБдин бөлүмүнүн расмий өкүлү Мэрлин Ритцман айыпталуучу аларга кайрылганын ырастады. Бирок АКШнын бийлигине карата айыптоо болгонун төгүнгө чыгарды.

Ал кезде ал өзүнө жооп бербейт деп таанылып, бирок коркунучтуу катары табылган эмес.

Сүрөт: Reuters

ТЕМА БОЮНЧА: