Бишкек менен Караколдо ижара берүүчүлөр митингге чыгып, батирлерди суткалап ижарага берүүгө тыюу салуу алардын «акыркы нанын» тартып алаарын айтышты.

Президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 30-декабрында көп батирлүү үйлөрдө имараттарды суткалап жана саатка өлчөп ижарага берүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзамга кол койгон. Мыйзам 10-январдан тартып күчүнө кирет.

Жаңы мыйзамды бузгандар 70 миң сомго чейин штраф төлөшү мүмкүн. Тыюуну бузган ижара берүүчүлөргө милиция штраф салат.

Бишкектеги нааразылык

Бишкектеги ижара берүүчүлөрдүн жаңы тыюуга каршы митинги 5- жана 6-январда өттү. Нааразылык акциясына 50дөй ижара берүүчү чогулду.

«Биздин бир нече жалдама батирибиз бар эле, аларды биз суткалап ижарага берчү элек. Үчөөнү тапшырышка туура келди, анткени милиция кызматкерлери рейд башташты. Алар рейддер январдын 14үнөн 17сине чейин болоорун да такташты. Алар азырынча штраф сала элек, бирок коркутуп атышат. Кардарларыбыз өз документин көрсөтө албагандыктан аларды участокко алып кеткен учур болгон», — деди нааразылыгын билдирип чыккан ижара берүүчүлөрдүн бири Светлана.

Светлананын айтымында, алар мындай иштен баш тарта алышпайт, анткени башка киреше булагы жок, ал эми «жашың өтүп калганда, өлкөдө ушундай жумушсуздук өкүм сүрүп турганда иш табыш да кыйын».

«Биз үч жыл бою бир нече батир тапшырып жүргөнбүз, эч ким даттанган эмес. Чоң насыяны төлөп, кызыбызды университетке окууга жөнөттүк эле. Эми кантип жашайбыз, билбейм», — деди ал.

Светлана бардык ижарага берүүчүлөр биригип, өз укугун коргогон ассоциация түзүүнү чечишкенин айтты. Анын айтымында, алар 19-январда митингге чыгып, батирлерди ижарага берүүгө тыюу салган мыйзамды кайрадан карап чыгууну талап кылышат.

Ижарага берүүчү Айша батирди ижарага берүү ал үчүн жалгыз киреше болгонун айтып арызданды. Тапкан акчасына ал оорукчан энесин жана майып баласын багып жүргөн.

«Менин энем оорукчан, балам майып. Дарыларга акчам жетпейт. Жалгыз кирешем батирди ижарага берүү болчу, эми аны да жаап жатышат», — дейт ал.

Батирдин ээси Сейил өзүнүн кыймылсыз мүлкүн ижарага берип насыясын төлөчү. Ал азыркы жаңы тыюуну «адамкерчиликсиз» деп эсептейт.

«Менин насыям аябай чоң, атамдан калган жалгыз үйүбүз күрөөдө. Эми мен кантип төлөйм? Бул эмне деген уят жоктук? […] Чакан ишкерликти алар ушинтип да колдойбу? Менимче органдар өзүнүн милдетин аткарыш керек жана кошуналардын арыздарына жараша маселени чечиш керек, мыйзамдарды ойлоп таппай! Бул ишкерликти таптакыр жоготуу мүмкүн эмес, биз болгону көмүскө иштей баштайбыз», — дейт ал.

Анын ою боюнча бул мыйзам милициянын «дагы бир жем жей турган акырына айланат».

«Аткаминерлердин көбү ар кайсы мейманканалардын ээси, алар бош тургандыктан бизди муунтууну чечиштиби? Сый жайларды арзан баада ижарага алган туристтер кантет? Алар бир адамдан 50 доллар сыйрып алган мейманканага барышы керекпи? Каттоо системасын киргизгени аз келгенсип, эми ушул калдыбы? Силер чындап эле ушул мыйзам эл үчүн экен деп ишенесиңерби?» — дейт Сейил.

Караколдогу нааразылык

8-январда батирлерин суткалап ижарага берген Караколдун тургундары да митингге чыгышты. Алар президент менен парламенттин депутаттарынан орун жайларды суткалап ижарага берүүгө тыюу салган мыйзамды кайрадан карап чыгууну талап кылышты.

Караколдогу митинг.

Эгер кыймылсыз мүлктү суткалап ижарага берүүгө тыюу салынса, курорттук шаарда кантип акча табыш керек деп караколдуктар түшүнбөй жатышат.

«Мен бул тармакта он жылдан бери иштейм, башка жумуш жок. Базарлар бар. Бирок ал жерде алармандан сатарман көп», — дейт ижарага берүүчү Валентина Алексеева.

Анын айтымында, эң башкысы бул тыюудан шаар өзүнүн туристтик зона жагымдуулугун жоготот.

«Азыр бизге Казакстан менен Орусиядан киши көп келет, алар тыюуга чейин эки ай мурун эле орундарын брондоп коюшкан. Алар акчасын төлөп койгон, эми аларга эмне дешибиз керек? Бизде түнөгөнгө болбой турган мыйзам чыкты деппи? Мейманканалар болсо эки эсе кымбат, алар жөн эле кетип калат», — деди ал.

Ал митингдин башкы максаты депутаттар менен президенттин назарын буруу болгонун айтып берди.

«Биз батирлерде сойкуканалар уюшулуп жатат деген жүйөгө деле каршы эмеспиз. Бирок суткалап берилген батирлерде эмес да. Адатта сойкуканаларды алда канча узак мөөнөткө жалдап алган мейманканаларга жана батирлерге уюштурушат. Рейд жүргүзүп, административдик кодекс боюнча кимге арыз түшсө ошолорго гана штраф салышсын», — деди ал.

Ал караколдук ижара берүүчүлөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына да арыз беришкенин айтты.

«Батирлерди негизинен башка иши жок калгандар ижарага беришет. Бул мыйзам аркылуу алар биздин наныбызды тартып алып жатышат», — деди ал.

Ижарага берүүчү Саламат Шакиров бул мыйзам ага «катуу сокку урганын», анткени ал үйдүн кичүүсү экенин жана өз үй-бүлөсү менен ата-энесин багышы керек экенин айтты.

«Батирлерди ижарага бергенге болбойт, мен эми кайда барайын? Бул туристтик шаар да, ал мунсуз түзүк жашай албайт. Менин машыктыруучу досторум бар, алар Караколго балдарды мелдештерге алып келишет. Алар кымбат мейманканаларды төлөй албайт. Эми алар кайда барышы керек?» — деди ал.

Шакиров коңшуларынын арызына дайыма көңүл буруп, батирге «тартиптүү туристтерди» гана киргизип келгенин айтты.

«Менин колумда батиримди ижарага беришиме каршы эмес экенин ырастаган кошуналарымдын колдору турат. Эгерде биздин меймандарга кандайдыр доомат болсо биз аларды дароо чыгарып салабыз деп кошуналар менен мурда эле сүйлөшүп алгам», — деди ал.

Сүрөт: Алмир Алмамбетов

ТЕМА БОЮНЧА: