Беларус 80 өлкөнүн жарандары үчүн 5 күндүк визасыз режим киргизди

Беларустун президенти Александр Лукашенко өлкөгө 5 күндөн ашпаган мөөнөткө келип кеткиси келген 80 мамлекеттин жарандары үчүн визаларды жокко чыгарды.

Лукашенко 9-январда 80 өлкө менен 5 күндүк визасыз режим киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду, алардын арасында бүт Евробиримдик, АКШ, Жапония жана Кытай бар. Документ быйыл 9-февралдан тартып иштей баштайт.

Беларус президентинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, өзгөрүүлөр «ишкерлердин, туристтердин, жалпы жарандык паспорту бар жеке адамдардын саякатын жандандырууга» багытталган.

«[Жарлык] расмий иш сапары менен келген чет өлкөлүктөргө тиешеси болбойт: дипломатиялык, кызматтык, атайын жана аларга теңештирилген паспорттор көңүлгө алынбайт», — деп кабарлады басма сөз кызматы.

Кириш үчүн негизги талаптар: аракеттеги паспорт, акча (келип өлкөдө жүргөн ар бир күн үчүн 24 доллардан) жана суммасы 10 миң евродон кем эмес медициналык камсыздандыруу полиси болмокчу.

«Орнотулуп жаткан визасыз жүрүү тартиби Беларуска Орусиядан авиарейс менен келген, ошондой эле Орусиянын аба майдандарына учмакчы болгон адамдарга тиешеси болбойт», — деп билдирди Беларус президентинин басма сөз кызматы.

Вьетнамдан, Гаитиден, Гамбиядан, Гондурастан, Индиядан, Кытайдан, Ливандан, Намибиядан жана Самоадан келген жарандар үчүн көп сыйра жарактуу Шенген визасы жана Минск аба майданынан уча турган авиабилети болушу керек деген кошумча талап коюлат.

Башкы сүрөттө Минск тартылган, сүрөттүн автору Вадим Сазанович