Кыргызстандын мектептери беш күндүк окууга өтүштү (бирок баары эмес)

Кыргызстандын мектептеринин 75 пайызга жакыны кышкы каникулдан кийин беш күндүк окуу системасына өтүштү. Лицейлерге, гимназияларга жана сабактарды тереңдетип окуткан мектептерге мунун тиешеси болбойт.

Эми гимназия же лицей статусу жок, сабактарды тереңдетип окутпай турган мектептердеги 1-класстан 11-класска чейинки бүт окуучулар беш күндүк окуу системасына өтүшөт.

mektep-zagolovo

«Беш күндүк окуу сабактарды тереңдетип окутпаган кадимки мектептер үчүн киргизилет, алар болсо мектептердин 75 пайызын түзөт. Алар мамлекеттик компонентти гана карманышат», — деп билдирди Билим берүү министрлиги.

Өзгөрүү Билим берүү министрлигинин баасы боюнча жалпы билим берүүчү мекемелердин 25 пайызын түзгөн гимназияларга жана лицейлерге тиешеси болбойт.

Мекемедегилер бош калган ишемби күнүн балдар спорт болобу, музыка болобу, же башка эрмеги болобу, өз кызыкчылыгына жумшай ала тургандыгын түшүндүрүштү.

КСДПнын депутаты Дастан Бекешев 2016-жылдын августунда беш күндүк окутуу системасын сунуштаган.

Мыйзам долбооруна негиздемеде беш күндүк окутуу системасы мугалимдердин жана окуучулардын психикалык жана физикалык милдетин жеңилдетээри айтылган.

«Беш күндүк окуу жумалыгынын артыкчылыктары жана кемчиликтери жөнүндө талаш-тартыш советтен кийинки мамлекеттерде гана калган, бирок башка мамлекеттердин практикасы көрсөткөндөй ал таптакыр маанисиз», — деп түшүндүрдү өзүнүн мыйзам долбоорун Бекешов.

Сүрөт: president.kg