Жалал-Абад: Активисттер Аскаровду бошотууга каршы чыгышты

Жалал-Абадда «Санпа шейиттери» бирикмесинин өкүлдөрү нааразылык акциясын өткөрүп, укук коргоочу Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу өкүмдү күчүндө калтырууну талап кылышты. Бийликке аны камактан бошотууга кеңеш берген БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечиминен кийин сот анын ишин кайра карап жатат.

Жалал-Абадда «Санпа шейиттери» бирикмесинин 10го жакын мүчөсү нааразылык акциясын өткөрүштү, анткени алар Аскаров акталып, камактан бошоп кетиши мүмкүн деп кабатыр болуп жатышат.

zhalalabad-zagolovok«Биз иш жүзүндө бүт эле элдин талабын айтып жатабыз. Биз ушул пикирди айтыш үчүн атайын чогулдук. Эгерде Аскаров мыйзам боюнча жазасын албаса, башкалар да июнь окуясында анын кылган жоруктарын кыла берсе боло берет экен, эч кандай жаза тартпайт экенмин деп ойлоп калышат. Ал акталса өлкөдө тынчтык болбойт», — деди активист Кенеш Калбаев.

Бирикме мүчөлөрүнүн пикири боюнча, Кыргызстандын Жогорку сотунун укук коргоочуну өмүр бою эркинен ажыраткан чечимин күчүндө калтырыш керек, анткени ал адилеттүү.

Жакында «Журналисттерди коргоо комитети» эл аралык уюму Дүйнөлүк банктын директоруна кат жазып, Аскаров бошотулгуча Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоону токтотууну өтүнгөн. Уюмдун пикиринде, Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин жана Аскаровдун укугун бузуп жатат, анткени ал эмгиче камакта отурат.

Азимжан Аскаров — өзбек улутундагы укук коргоочу, Кыргызстандын түштүгүндө улут аралык чатакка чейин иштеп келген. Аскаров милициядагы кыйноо тууралуу макалаларды да жазып келген.

Укук коргоочу 2010-жылдын 15-июнунда кармалган. Базар-Коргон соту Аскаровго «баш-аламандыкты уюштуруу», «улут аралык чатак чыгаруу» жана «киши өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча айыптарды койгон. Сот аны 2010-жылдын аягында өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм чыгарган, бирок Аскаров өз күнөөсүн мойнуна алган эмес. Аны менен кошо дагы сегиз киши соттолгон.

Кыргызстандын бийлигине укук коргоочуну камактан бошотууга кеңеш берген БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечиминен кийин кыргыз соту Аскаровдун ишин кайра карай баштаган. Укук коргоочуга карата чыгарылчу өкүм 17-январда угузулат.

Сүрөт: «Турмуш»

ТЕМА БОЮНЧА: