Курман болгон 37 кишинин ичинен 36сынын өздүгү Республикалык сот-медициналык экспертиза борборунда аныкталып, маркумдардын туугандары 31 сөөктү алып кетишти. Дагы 5өө өлүкканада жатат, бир кишинин денеси дагы эле аныктала элек. Куткаруучулар учактын төртүнчү учкучунун да денесин табышты. Алардын баары 16-январь күнү эртең менен Дача-Суу кыштагына «Боинг-747» учагы кулап түшкөндөн улам курман болушкан.

Жаңылык 17-январда, 11:20да жаңыртылды.

Курман болгондордун тизмеси:

  1. Абакиров Актан Азаматович, 2011-жылы туулган;
  2. Абакирова Раяна Азаматовна, 2016-жылы туулган;
  3. Батыров Сүйүн Байбырович, 1966-жылы туулган;
  4. Белекова Адинай Руслановна, 2010-жылы туулган, алып кетише элек;
  5. Дербишалиев Азамат Абакирович, 1983-жылы туулган;
  6. Жумакунова Наргиза Болотбековна, 1984-жылы туулган;
  7. Дүйшөева Венера Рахманкуловна, 1993-жылы туулган;
  8. Жумаалы кызы Акмарал, 1991-жылы туулган;
  9. Ибрагим Даранджи, 1958-жылы туулган, алып кетише элек;
  10. Исакова Гүлжан Муратбековна, 1980-жылы туулган;
  11. Исхон Коша, 1964-жылы туулган, алып кетише элек;
  12. Камилов Али Сагынович, 2011-жылы туулган;
  13. Камилов Иса Сагынович, 2013-жылы туулган;
  14. Карыпбаев Эрзат Нурланович, 2011-жылы туулган;
  15. Карыпбаева Жылдыз Нурлановна, 2015-жылы туулган;
  16. Келишова Айнуса, 1976-жылы туулган;
  17. Кожоналиева Наргиза Эсенкуловна, 1988-жылы туулган, кош бойлуу болгон;
  18. Курманбеков Аман Кубанычбекович, 1997-жылы туулган;
  19. Максатбеков Тимур Зарлыкбекович, 2005-жылы туулган;
  20. Орозбаева Айжамал Максатбековна, 1989-жылы туулган;
  21. Орозбаева Бунаркан, 1959-жылы туулган;
  22. Осмонов Айболот Санжарович, 2006-жылы туулган;
  23. Осмонов Анарбек Санжарбекович, 2014-жылы туулган;
  24. Осмонов Санжарбек Адыманапович, 1981-жылы туулган;
  25. Санжар кызы Айяна, 2007-жылы туулган;
  26. Солтокенов Айбек Анарбекович, 1988-жылы туулган;
  27. Солтокенов Анарбек Садыбакасович, 1960-жылы туулган;
  28. Солтокенова Мариям Анарбековна, 2009-жылы туулган;
  29. Солтокенова Фарида Алмазбековна, 1969-жылы туулган;
  30. Хазим Ондуна, 1958-жылы туулган, алып кетише элек;
  31. Чомуева Кундуз Тагайбековна, 1985-жылы туулган, кош бойлуу болгон;
  32. Шайырбек уулу Айбол, 2006-жылы туулган;
  33. Шаршенбеков Руслан Нурланович, 2011-жылы туулган;
  34. Шерали уулу Уларбек, 1990-жылы туулган;
  35. Шералиева Айдай Уларбековна, 2015-жылы туулган;
  36. Шералиева Сабина Уларбековна, 2012-жылы туулган;
  37. Азия улутундагы белгисиз аял, алып кетише элек.

ӨКМдин куткаруучулары экипаждын төртүнчү мүчөсүнүн денесин да табышты, ал Республикалык сот-медиициналык экспертиза борборуна жиберилет.

Өкмөт курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 100 миң сомдон төлөп берүүгө жана маркумдардын жерге берилишине байланышкан чыгымдарды көтөрүүгө убада берди.

Кырсыктын айынан кеминде 32 үй талкаланды, аларда 60тай киши жашап жаткан.

Учактын кулашынын болжолдуу себептери катары аба ырайынын шарттары, атап айтканда калың туман, ошондой эле учкучтардын катасы тууралуу кеп болууда.

ТЕМА БОЮНЧА:


Авторлошу: Анна Капушенко
Башкы беттеги сүрөт: Тилек Бейшеналы уулу