«Боинг-747нин» кыйрашынын себептерин аныкташ үчүн эл аралык адистер Кыргызстанга келишти.

Транспорт министрлиги маалымдагандай, комиссиянын курамы 6 кишиден турат.

Алардан сырткары иликтөө иштерине америкалык Транспорт коопсуздугу боюнча улуттук кеңештин (NTSB) адистер тобу жана Түркиянын кырсыктарды иликтөө боюнча улуттук кеңешинин (Turkish Accident Investigation Board) адистери кошулушту.

Бардык мекемелердин ишин Кыргызстандын жарандык авиация агенттиги координациялап турмакчы.

«Боинг-747» учагы 16-январда саат 7:20да «Манас» аэропортунун жанында кыйраган. Ал жакын жерде жайгашкан Дача-Суу айылына кулаган.

Учактын кыйрашы 38 адамдын өлүмүнө алып келди, дагы 13 адам ооруканаларда дарыланууда.

Дээрлик 1 гектар жерге чачылган учактын калдыктарынан 23 турак-жай жабыркаган.

Вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө Кыргызстандын өкмөтү 70 миң сомдон, ал эми президент Алмазбек Атамбаев 100 миң сомдон бөлүп берээрин билдирди.

Учактын ээси MyCargo Airlines компаниясы да курман болгондордун жана жабыр тарткандадын үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөп бермекчи.