Малидеги террордук чабуул: 50дөй киши курман болду

Injured soldiers walk after a suicide car bomb attack on a military camp in Gao, Mali January 18, 2017 in this still image taken from video. REUTERS/via Reuters TV

Малинин түндүк-чыгышындагы аскердик лагерге жанкечтинин кол салышынан улам 50дөй киши курман болду. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти «Аль-Мурабитун» террордук тобу өзүнө алды.

Малинин Гао деген жеринде аскердик лагерге кол салуудан кеминде 50 киши курман болду. Каза тапкандар көбөйүп баратат, мурда 47 киши мерт болду деп айтылып жаткан.

115 киши жарадар болду. Гаонун бардык ооруканалары террордук чабуулдан жабыркагандарды гана кабыл алып жатат.

Гаодогу аскердик лагерде каршылашкан тараптардын — өкмөттү колдогон «Платформа» альянсынын жана «Азавад кыймылдар бирикмесиндеги» көтөрүлүшчү-туарегдердин отряддары жайгашкан. Алар БУУнун таасири астында өлкөнүн бийлиги менен элдешүүгө макул болушкан эле.

Террордук чабуул 18-январда тараптар жалпы жыйынга чогулган учурда болду. Чабуулдун жоопкерчилигин «Аль-Мурабитун» террордук тобу өзүнө алды. 2015-жылы «Аль-Мурабитун» өзүн «Ислам мамлекетинин» филиалы деп жарыялаган.

Малинин президенти Ибрагим Бубакар Кейта үч күндүк аза күтүү жарыялады. БУУнун Коопсуздук кеңеши Малиде тынчтык орнотууга жолтоо болгон күчтөргө каршы санкция киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат.

Сүрөт: REUTERS