Өзбек теннисчиси Денис Истомин экинчи айлампада учурдагы бирден бир кыйын оюнчу Новак Жоковичти утуп алып Австралиянын ачык чемпионатында сенсация жаратты.

Беш сетте серб теннисчисин утуш үчүн ага дээрлик беш саат керек болду.

Истомин биринчи сетти 7:6 (10:8) утуп, калган эки сетти уттуруп койгон.

Матчты утуп алыш үчүн Жоковичке бир гана кадам жасаш керек эле. Бирок 4-сет айагышкан катуу салгылашта өтүп, тайм-брейкте ал жеңишти колунан учуруп алды.

Чечүүчү бешинчи сетте Ташкенттен чыккан теннисчи Australian Openдин бир канча жолку чемпионун 6:4 эсебинде жеңил эле утуп алды.

Оюндун жалпы эсеби: 7:6 (10:8), 5:7, 2:6, 7:6 (7:5), 6:4

Жоковичти уткандан кийин Денис Истомин кубанычын жашырган жок.

Матч аяктаары менен Истомин бул жеңиш карьерасындагы эң маанилүү жеңиш экенин айтты. Ал теннисчилердин рейтингинде 117-орунда турат. Ал эми Жокович 2-орунда.

«Эми мен мыктылар менен да таймаша аларымды, алар менен бир деңгээлде боло аларымды сездим. Мен мыкты ойнодум! Мен өзүмө өзүм таңгалып жатам!» — деди эмоциасын жашыра албаган Истомин оюн аягындагы интервьюда.

2016-жылы жайында Чоң Шлем турнирине кирген абройлуу француз «Роллан Гарросту» өмүрүндө биринчи жолу утуп алгандан кийин Жоковичтин оюну начарлай баштаган.

«Уимблдондун» 3-раундунда эле жарыштан чыгып, US Openдин финалында утулуп калды. Ал эми ноябрда АТРнын рейтингиндеги биринчи орунун британдык Энди Маррейге алдыртып койду.

«Жеңиш аныкы [Истоминдики]. Керектүү учурларда, ал чынында, жакшыраак болду», — деди Жокович утулуштан кийин.

Истоминдин жеңиши дагы эмнеси менен баалуу?

Australian Open теннистеги эң жогорку деңгээлдеги мелдештер болуп эсептелген «Чоң шлем» турнирлер тизмегине кирет.

Австралия чемпионатынан сырткары бул турнирлер тизмегине «Роллан Гаррос», «Уимблдон» жана US Open киет.

Жокович бул тизмектеги 12 турнирди утуп алагын. Ушунусу менен ал учурдагы эң мыкты теннисчилердин бири болуп эсептелет.

Новак Жокович ар кайсы жылдары «Чоң шлемдин» бардык төрт турнирин утуп алган.

Кызыгы эң көп жеңишке ал Australian Openде жетишкен: ал бул турнирди алты жолу утуп алган.

Өз карьерасында ал болгону экинчи жолу рейтингде 100-орундан төмөн турган теннисчиден утулуп калган.

Денис Истомин эмки айлампада испан Пабло Каррено менен ойнойт. Бирок андан утулган күнү да экинчи ракетканы бул турнирде утуп алганы анын рейтингинин жогорулашына алып келет.

Истоминдин эң жакшы көрсөткүчү 2012-жылга туура келет — анда ал 33-орунда болчу.

Өз карьерасында ал эки жолу «Чоң шлем» турнирлеринде төртүнчү айлампага чейин жеткен — 2012-жылы «Уимблдондо» жана 2013-жылы US Openде.

Сүрөт: Australian Openдин расмий сайтынан алынды