Депутаттар морг кызматкерлеринин арызына нааразы кесиптешин табууга убада беришти

Эмгек шарттары тууралуу өлүккана кызматчыларынын арыздарына нааразы болгон кесиптешинин атын билип берүүгө парламент депутаттары убада беришти. Ал мындай арыздар «мамлекеттин зоболосуна зыян келтирет» деп билдирген.

КСДП депутаты Альфия Самигуллинанын айтымында, депутаттардын кимиси Саламаттык сактоо министрлигине чалып, өлүккана кызматчыларынын арызы «мамлекеттин зоболосуна зыян келтирет» деп айтканы азырынча белгисиз.

«Саламаттык сактоо министри менен дүйшөмбүдө жолугабыз, ошондо депутаттардын кимиси бул маселени көтөргөнүн айтсын», — деди ал.

Башка депутаттар ким кайда чалганын билбей тургандыгын жана бул жөнүндө ЖМКдан билишкенин айтышты.

«Ким болбосун чалып "мен депутатмын" деши мүмкүн. Ал киши жөн эле жаран же аткаруу бийлигинен эмес экенине кепилдик жок. Андай болсо бул сөздөрдүн маанисин ылгоонун кереги деле жок», — деди КСДП партиясынан шайланган Евгения Строкова.

КСДП партиясынын депутаты Альфия Самигуллина сот-медициналык экспертиза борборунун абалын каражаттын жетишсиздиги менен түшүндүрдү. Анын айтымында, 2016-жылдын январына чейин сот-медицина эксперттери акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүп келишкен, ал кирешенин 50 пайызын түзгөн. Калган каражаттар Саламаттык сактоо министрлигинен бөлүнгөн.

«Бул имарат 1987-жылы курулган, ошондон бери капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Аларда атайын эсеп болгон. Анан ал жерде прейскурант бар болчу, аны 2016-жылы жокко чыгарышкан. Ушул атайын каражаттардын эсебинен алар оңдоо иштерин жасап, шаймандарын алып жүрүшкөн. Бул [имараттын] начар абалда болгону таң калычтуу эмес», — деди ал.

Самигуллина бул морг стандарттарга туура келбей тургандыгын, жабдууларына 50-60 жыл болгондуктан баары эскиргенин кошумчалады.

Жолугушууда депутаттар айына араң 5000 сом алган сот-медицина эксперттери иштин зыяны үчүн жумасына эки жолу бир литрден сүт алышаарын да айтышты.

Депутаттар Саламаттык сактоо министрлиги менен моргду каржылоо маселесин талкуулоого убада беришти.

Моргдун аянычтуу абалы Дача-СУ айылына «Боинг-747» кулагандан кийин билинген. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын кеңешчиси моргдун кызматкерлери кандай абалда иштеп жатшканын интернетке чыгарган.

Кийинки күнү ал депутат кысым көрсөтүп жатканына арызданган, анын айтымында депутат Саламаттык сактоо министрлигине чалып, алардын арызы «мамлекеттин зоболосуна зыян келтирүүдө» деп айткан.

Депутаттын арызына ачуусу келген «Бешинчи каналдын» журналисттери парламент менен моргдогу иш шарттарын салыштырган сюжет тартышкан.

ТЕМА БОЮНЧА: