Милиция кызматкеринин кашын жарып алган ырчы кыздын иши сотко өттү

Милиция кызматкеринин кашын такасы менен жарып алган ырчы кыз Алтынай Жайнакованын иши Ош шаардык сотуна өткөрүлдү. Ырчы 4 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ош облустук ИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, бул иш сотко 23-январда өткөрүлгөн. Иштин сотто карала турган күнү азырынча белгисиз.

Ырчыга «Бейбаштык» беренеси боюнча милиция кызматкерине каршылык көрөтүп, жаракат келтиргендиги үчүн айып коюлду. Жайнакова 4 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жабыр тарткан кызматкер ооруканадан ишине чыккан. Сотко ал жабырлануучу катары катышат.

Жайнакованы 13-январда түндө кайгуул кызматынын өкүлдөрү токтотушкан.

Алардын айтымында ырчы кыз машинаны мас абалында айдаган, ал эми кармалгандан кийин чоң кызматтагы аткаминерлер менен байланышым бар деп коркуткан.

Кармалгандан кийин ал өзүн «ырчы жана журналист» деп тааныштырып, патрулдук милиция кызматкеринин кашын жара тепкен.

Эки күн камакта отурган ырчы кыз тергөө убактысында үй камагына чыгарылган.

Жайнакова Kloop.kgге жагдайды түшүндүрүп берди. Анын айтымында, ал кызматкерлердин кимисинин болбосун денесине зыян келтиргиси келген эмес. Алардан коргонуп жатканда байкабастан кызматчылардын бирөөсүн тээп алгам, деди ал.

«Алар мени арткы олтургучка ыргытышканда менин юбкам менен кийимим өйдө түрүлүп, буттарым жылаңачтанып калган, ал эми колдорум байлануу эле. Мен колум менен юбкамды түшүрө алмак эмесмин. Аны түшүрмөкчү болуп бутумду силкилдетип жаткам. Кадрда менин кандай абалда экеним көрүнүп турат, колготкам айрылып, бүт бырышып, кир болгом», — деди ал.

Милиция кызматкери жабыр тартканына Алтынай кейип, кечирим сурайт. Ырчы кыз чоңдордун эч кимиси менен тааныш эмес экенин да моюнга алды.

Тергөөнүн жүрүшүндө Алтынай Жайнакова паспорт боюнча Алтынай Нематилла кызы экени жана анын туулган жылы 1989-жыл эмес, 1995-жыл экени белгилүү болду.

Авторлошу: Мадина Машанло