«Бир Дүйнө — Кыргызстан» фондунун укук коргоочулары Саламаттык сактоо министрлигин жана Бишкек мэриясынын алдындагы саламаттык сактоо департаментин сотко бермекчи. Буга дарыгерлерге мекеменин басма сөз кызматы менен макулдашмайынча ЖМКга комментарий бербегенге кеңеш берилгени себеп болду.

«Бир Дүйнө — Кыргызстан» фондунун башчысы Төлөкан Исмаилова Саламаттык сактоо министрлиги жарандардын эркин маалымат алуу укугун бузуп жатат деп эсептейт. Саламаттык сактоо министрлигине жана Бишкек мэриясынын алдындагы саламаттык сактоо департаментине каршы доо арыздан жакын арада Бишкектин Ленин жана Биринчи май райондук сотторуна берилмекчи.

«Министрлик Гиппократтын антын берген дарыгерлердин пикир айтуу эркиндигин чектегиси келип жатканы өтө өкүнүчтүү », — деди ал.

Басма сөз катчысы Елена Баялинова Kloop.kgге азыр эки талаштуу документ бар экенин айтты.

Биринчиси — Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Жазгүл Кийизбаева кол койгон документ, анда дарыгерлерге мекеменин басма сөз кызматын кулак кагыш кылмайынча журналисттерге комментарий бербегенге кеңеш берилет.

Дарыгерлерди коомдук түйүндөрдө талкуудан жана комментарийлерден оолак болууга да үндөшкөн.

Экинчиси — шаардык саламаттык сактоо департаментинин директору Кубанычбек Кулбатыров салган тыюу. Ага ылайык ооруканалардын башкы дарыгерлерине бюджетте каралбаган каражаттарды сурап бийликке түздөн-түз кайрылганга тыюу салынат. Эреже бузгандарды кызматтан кетирүүгө чейинки жаза күтүп турат.

«Менин биринчи пикирим, бул документтер мекемелерди жаап, алар жарандарга ачык жана так маалымат беришине тыюу салууга багытталган. Биз медицина кызматкерлери менен журналисттердин өз ара баарлашуусун жеңилдетиш үчүн 15 жыл короттук эле», — деди Баялинова.

Авиакырсыкта каза тапкандарга аза күтүү күнү, 17-январда Саламаттык сактоо министрлигинен Бишкектин дарыгерлерине журналисттерге комментарий бербегенге жана Интернетте отурбаганга сунуш түшкөн.

Авторлошу Майрамкүл Жанарбек кызы
Сүрөт: «АКИпресс»

ТЕМА БОЮНЧА: