Сот укук коргоочу Азимжан Аскаровго өкүм чыгарды. Ал бардык беренелер боюнча күнөөлүү деп табылып, аны өмүр бою эркинен ажыраткан чечим күчүндө калды.

Чүй облустук сотунун коллегиясы Аскаровду бардык коюлган айыптардын беренелери: «жапырт баш-аламандык уюштуруу», «улут аралык кастыкты козгоо» жана «киши өлтүрүүгө катышуу» боюнча күнөөлүү деп тапты.

«Сот коллегиясы Аскаровдун кыйноого кабылганы тууралуу сөздөрүнөн шек санайт, анткени үч мамлекеттик психиатр Аскаровду "калпка жакын" деп тыянак чыгарган. Адвокаттар бул факт боюнча күбөлөрдү жана башка далилдерди келтире алышкан жок», — деди судья.

Ошентип, укук коргоочу өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм чыкты. Ал өкүмгө каршы Жогорку сотко даттанууга укугу бар.

Аскаровго өкүм чыгарылгандан кийин ал кыйкырып, мөөнөтсүз ачкачылык жарыялай турганын айтты.

Аскаров 2010-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган. Анын кармалышын «мыйзамсыз» деп таанып, бийликке укук коргоочуну коё берүүгө кеңеш берген БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечиминен улам анын иши кайрадан каралып жатат.

Аскаров өзү ким?

Азимжан Аскаров — Кыргызстандын түштүгүндө жашаган этникалык өзбек жана укук коргоочу. Ал милициянын кыйноолору тууралуу маалымат бергени менен белгилүү болгон. 15 жыл аралыгында «Аба» укук коргоочу уюмун жетектеген.

Аскаров 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык чыр-чатакта кармалган. Укук коргоо органдары билдиргендей, Аскаров Бишкек-Ош жолун тосууну уюштуруп, милиция кызматкерлерин сабап, бир кызматкерди өрттөп жиберген.

Базар-Коргон соту Аскаровду «баш аламандык уюштургандыкка», «улуттар аралык жек көрүүчүлүктү козуткандыкка» жана «адам өлтүрүүгө катышууга» айыптаган. 2010-жылдын аягында, сот Аскаровду өмүр бою тор артына камаган, бирок Аскаров күнөөсүн мойнуна албай келген. Аны менен кошо дагы сегиз адам абакка киргизилген.

Аскаровдун жактоочулары бул айыптоолор «негизсиз» деп айтып келишет. Күбөлөр болсо, Аскаров окуя болгон жерде жок болгондугун тастыкташкан.

Соттун чечиминен кийин, укук коргоочунун жактоочусу Валерьян Вахитов бардык жараяндар мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыккан. Анын айтуусунда, укук коргоочунун үйүндө үй ээлери жокто тинтүү болгон жана далилдер «жетишсиз».

Көз карандысыз эксперттер, укук коргоочу кыйноолорго кабылганын жана Кыргызстандын бийлиги анын даттанууларына көңүл бурбагандыкка айыпталганын билдиришкен. Андан тышкары, иликтөө жараянында процессуалдык нормалар бузулганын жана Аскаровдун коргонуусуна мүмкүнчүлүк берилбегенин да кошумчалашкан.

Соңку соттук отурумдан тексттик трансляция: