«Бир Дүйнө — Кыргызстан» уюму экстремизм боюнча шектүү кишини кармоого укук коргоочулар жолтоо болушканы тууралуу маалыматты атайын кызматтар жокко чыгарбаса УКМКны сотко берээрин билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) каршы доо арыз сотко берилиши мүмкүн экенин Kloop.kgнин журналисттерине «Бир Дүйнө — Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди.

Ал УКМК ЖМКда экстремизм боюнча шектүү кишинин үйүн тинтүүгө жана аны кармоого укук коргоочулар жолтоо болушканы тууралуу «жалган» маалымат таратканын айтты.

Исмаилова «Бир Дүйнө — Кыргызстан» уюмунун өкүлдөрү шектүү киши кармалган жерде болгон эмес дейт.

«Алар (УКМК) “Бир Дүйнө” уюмуна каршы каралоо ыкмасын колдонушту. Анын баары калп. […] Биз ал жакта таптакыр болгон эмеспиз. “Бир Дүйнө” уюмунун кызматкерлеринин эч кимиси ал жакта болгон эмес», — деди ал.

УКМК азырынча укук коргоочулардын сотко берилиши мүмкүн болгон доо арызы тууралуу эч нерсе айта элек. Атайын кызматтын өкүлү Kloop.kgнин журналистине мекеменин позициясы өзгөрбөй турганын айтты.

Кечээ, 24-январда, УКМК «Бир Дүйнө — Кыргызстан» уюмунун кызматкерлери «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюму менен байланышы бар деп шек туудурган кишини тинтүүгө «жолтоо болуп», «чыр чыгарганга аракет кылышты» деп билдирген.

Атайын кызмат тергөө ишине тоскоолдук кылганы үчүн «Бир Дүйнө» уюмунун кызматкерлерине каршы иш козгоо маселесин чечип жатканын кабарлаган.

Төлөкан Исмаилова атайын кызмат кармап алган киши юрист Валерьян Вахитовго кайрылганын, ал ошол учурда уюмдун өкүлү болбогонун айтты.

«Вахитов — жеке адвокат, ага ким болбосун кайрыла алат. Андыктан бул иш “Бир Дүйнөгө” тиешеси жок», — деп түшүндүрдү ал.

Укук коргоочу эгерде кармалган кишинин укуктары бузулса, анда уюм анын иши менен алектенээрин кошумчалады.

Бул УКМК кызматкерлери менен укук коргоочулардын ортосундагы биринчи чатак эмес. 2015-жылдын мартында «Бир Дүйнө» уюмунун кеңсесинде жана юрист Валерьян Вахитовдун үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Анда УКМК кызматкерлери укук коргоочулардун кызматтык ноутбуктарын жана алар алып барган кылмыш иштеринин материалдарын алып кетишкен.

Сүрөт: «Азаттык»