Казакстандын батышындагы мунайчылар эки жумадан ашуун убакыт бою Эркин кесиптик кошуундар конфедерациясынын жабылышына каршы иш ташташты. Сот нааразылык акцияларын мыйзамсыз деп таап, анын катышуучуларын нааразылыктын айынан тартылган зыян үчүн 10,5 миң доллар төлөп берүүгө милдеттендирди.

Кыскача:

  • Мунайчылар Казакстандын Эркин кесиптик кошуундар конфедерациясынын жабылышына каршы 6-январда иш таштап, ачкачылык жарыялашты;
  • Нааразылык акциясындагылар кесиптик кошуунду калыбына келтирип, ден соолукка зыяндуу иштин ашыра аткарылганы үчүн кошумча акча төлөп, мурда иштен кетирилген кызматкерлердин иш орундарын калыбына келтирүүнү талап кылышты;
  • Актау шаарынын соту нааразылыкка катышкандарды компания тарткан зыянды төлөп берүүгө милдеттендирди.

Нааразылык акциялары

Казакстанда «Oil Construction Company» компаниясынын мунайчыларынын нааразылык акциясы эки жумадан ашык созулду. Алар мөөнөтсүз ачкачылык башталганын жарыялап, кесиптик кошуунду калыбына келтирүүнү талап кылышты.

Кесиптик кошуундар конфедерациясын жабуу жөнүндө чечимди Түштүк-Казакстан облусундагы атайын район аралык экономикалык соту 2017-жылдын 4-январында кабыл алды.

Анын жабылышына каттоого документ берүү шартынын бузулушу тууралуу Казакстандын юстиция министрлигинин доо арызы расмий себеп болду.

Эркин кесиптик кошуундар конфедерациясынын президенти Лариса Харькова 11-январда Шымкенте шашылыш брифинг өткөрүп, анда жумушчуларды акцияларды токтотуп турууну өтүндү. Ал кесиптик кошуундун өзү убагында Юстиция министрлигинде кайрадан катталыш үчүн документтерди чогултуп, берүүгө жетишпей калганын билдирди.

Эркин кесиптик кошуундар конфедерациясынын президенти Лариса Харькова. Сүрөт: kspk.org.

«Өкмөткө жети миңден ашуун кайрылуу түштү. Ошого карабастан, биз мыйзамдын талаптарын аткара алган жокпуз, ошого байланыштуу биздин Конфедерация жабылды. Бирок биз аны мыйзамдуу негизде жаңыдан түзүп алышыбызга эч ким тыюу салбайт», — деди ал.

Актау шаарында башталган иш таштоо Мангистау облусундагы мунай компанияларынын жүздөгөн жумушчуларын кучагына алды. Бул нааразылык акциясын Каламкас жана Жетыбай кендеринде иштеген шахтерлор да колдошту.

Сүйлөшүү жана талаптар

Нааразылык билдиргендердин негизги талаптары — Казакстандын Эркин кесиптик кошуундар конфедерациясын калыбына келтирүү. Жумушчулар иш берүүчүлөрдөн ден соолукка зыян келтирген кошумча иш үчүн кошумча акы төлөөнү талап кылышты.

Иш таштаган мунайчылар. Сүрөт: kspk.org.

Алар ошондой эле: ишкананын иштен кетирилген кызматкерлерин кайра ишке алууну, жамааттагы куугунтукту токтотууну, жетекчиликтин эмгек шарты боюнча чечимдерин кесиптик кошуун менен макулдашууну талап кылышты.

Мангистау облусунун акими Алик Айдарбаев жана прокурор Дастан Сартаев иш таштагандарга 19-январда келишкен. Бирок сүйлөшүү натыйжа берген жок, мунайчылар ачкачылыгын улантаарын айтышты.

«Кызматчылар менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүгө карабастан […] ишкананын кызматкерлери айтканынан кайткан жок. Алар өзүнүн негизги талабынын аткарылышын каалап жатышат», — деп билдирди облус башчысынын басма сөз кызматы.

Мунайчылар иштеген «Oil Construction Company» компаниясынын жетекчилиги комментарий берүүдөн баш тартты.

Компаниянын расмий сайтында анын жетекчиси эмгек жана калкты социалдык жактан коргоонун мурдагы министри Серик Абденов экени, ал 2016-жылдан тартып «КазМунайГаз» улуттук компаниясынын да вице-президенти экени жазылып турат.

Жалпысынан 6-январда башталган нааразылык акциясына 290 киши катышты. Бирок 19-январда Актау шаардык сотунун чечими менен нааразылык акциясы мыйзамсыз деп табылды.

Нааразылык акциялары 22-январга чейин уланып келди. Алар акциянын жетекчилери — «Oil Construction Company» ишканасынын жумушчуларынын кесиптик кошуунунун башчысы Амин Елеусинов жана ал кесиптик кошуундун эмгек боюнча инспектору Нурбек Кушакбаев — кармалгандан кийин гана токтоду. Алар 21-январдан тартып Астанада камакта отурушат.

Иш берүүчүгө компенсация

Мангистау райондук соту иш таштаган 28 мунайчыны өз иш берүүчүсүнө ачкачылык учурунда келтирген зыяны үчүн 3,5 миллион теңге (10,5 миң доллар) төлөп берүүгө милдеттендирди.

Иш таштаган мунайчылар. Сүрөт: «Азаттык».

«Азаттык» үналгысы билдиргендей, нааразылыкка чыккандар сотто жакшылап өз таламын талаша алган жок, анткени алардын даярданууга мүмкүнчүлүгү жана убактысы жок болчу. Алардын адвокат берүү тууралуу талабы канааттандырылган эмес.

«Судья Жасулан Салиев 15 мүнөттүк тыныгуу жарыялап, жарандык доо арыз боюнча адвокат милдеттүү эмес экенин билдирди. Жоопкерлер судьяны четтетүү жөнүндө өтүнүч жолдоп, ал да канааттандырылган жок. Ошондо алар жарыш сөзгө катышуудан баш тартышты», — деп жазат басылма.

Ошондон кийин сот мунай кызмат компаниясынын сотко кайрылган өтүнүчүн канааттандырып, нааразылык акцияларынын катышуучуларын «Oil Construction Company» ишканасынын «ички документтерин аткарууга» милдеттендирген.

Токтомго каршы бир ай ичинде арыз берсе болот. Мунайчылар бул мүмкүнчүлүктү пайдаланууга убада беришти.

Авторлошу: Адэль Акматова
Башкы сүрөт: Informburo.kz