Адвокат Нурбек Токтакуновдун сөзү милиция кызматкерин өлтүрүү боюнча айыпталып жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаровдун соттук отурумунан алынган. Текст кыскартылып берилүүдө. Материалда Нурбек Токтакуновдун толук сүйлөгөн сөзүнүн видеосу жана анын басылган кыскача версиясы берилген. Силер мамлекеттик айыптоочунун позициясын да бул шилтемеден окуй аласыңар.

Нурбек Токтакуновдун толук сөзү:

Аскаров — абдан сейрек кездешүүчү корголуучу, өтө ыңгайлуу десе да болот. Анткени ал айрым жагдайларды өзү чагылдырып берди, өзү да иштин юридикалык жагы менен тааныш.

Бул иштин мааниси биздин өлкөнүн сот системасынын негизги маселелерине тиешеси болгонунда. Тилекке каршы, биздин өлкөдө күнөөсүздүк презумпциясы тууралуу түшүнүк дээрлик калган жок.

Бир жагынан, биз карап чыккан иш — жөнөкөй эле апелляциялык иш, маңыз боюнча кароо. Башка жагынан, бул БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин 2016-жылдын 21-апрелиндеги кайрылуусунан кийин жаңы ачылган жагдайлар боюнча каралып жаткан иш.

[…]

Убакытты кайра артка кайтаруу мүмкүн эмес. Бул иште мен үчүн башка бир чындык бар.

Мен Базар-Коргон менен Жалал-Абадда жүргөндө бул жакта Бишкекте жасай ала турган нерселердин көбүн жасай алган жокмун. Мен көп нерселерди жөн эле жасай алган жокмун. Эгерде мен тергөө боюнча да, сот боюнча да ошол иштерди жасай алсам, кайратым көбүрөөк болсо балким [Аскаров] эмгиче акталып чыкмак.

Мен Базар-Коргонго барганда көчөдөн жүргөн да коркунучтуу эле. Ал жакта дайыма кимдир бирөө мени союп кетем деп жүргөн. Мен көп нерсени айтпай жатам. Мен бир нерсени айтайын десем эле, мага унчукпа деген сигналдар келип жатат.

Биз кылгыбыз келген нерселердин баарын кыла алган жокпуз. Биз корктук.

Мен [2010-жылы күзүндө] Ноокен райондук сотунун залына киргенде баары түшүнүктүү болчу. Аскаров бүт көгала болгондуктан отурумду кийинки күнгө калтырышты.

Мен кийинки күнү бардым. Прокуратурадагылар мага Аскаров денесиндеги жаракаттар боюнча сот-медицина экспертизасынан өтүүдөн баш тартып жатканын айтышты. Мен Аскаров менен макул болдум. Аны өткөргөндө эмне? Көзүнүн көгөргөнү ансыз деле көрүнүп турган.

Кийинки күнү эксперт суракка алынганда ал Аскаров экспертизадан баш тартканын айтты. Сотто эксперт анын көзүнүн алды көгөрүп турганын ырастады. Анан эле протоколдо көгөргөн жери жок болуп чыкты. Бул ачыктан ачык калп.

Биздин системада медицина кызматкерлеринин баары ИИМдин көзөмөлү астында. Аскаров дарыгерлер адегенде бирди айтып, кийин башканы кылышаарын айтты.

Кимибиз болбосун системанын курмандыгы болуп калышыбыз мүмкүн. Эгерде биздин кайсы арызыбыз болбосун андан да күчтүү кыйноо менен бүтө турган болсо, биз кантип кыйноо жөнүндө кеп кыла алабыз?

Мен ошол эле Базар-Коргондо өлтүрүлгөн Ташкенбай Мойдуновдун ишин да тиркеп койдум. Ага да ошол эле участкалык милиция кызматкери Эмилбек Мантыбаев катышкан.

Мойдунов — Базар-Коргондо жолдун боюнда аялы менен уруша кеткен эле киши. Ага басып келип: «Эмне урушуп жатасыңар?» деп сурашкан. Аялы күйөөм сабайт деген. Ага күйөөсүнө каршы арыз жазууну сунуш кылышкан. Аны жаап коюшкан, эртеси өлүп жаткан болот.

Анан анын туугандарын чакырышат. Туугандарына: «Эмне үчүн анын жүрөгү начар экенин айткан эмессиңер? Өлүп калбадыбы» — дешет. Кийин анын мойнунда из табылат. Андан кийин тез жардамдын дарыгерлерине ал асынып өлгөнүн айтышат. Андан кийин текшерүү келип, иш башталат. БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине арыз жазылат. Бирок тилекке каршы бул иш кийин тараптар элдешти деген шылтоо менен жабылып калат.

Андан соң БУУнун Адам укуктары боюнча комитети мамлекеттен компенсация өндүрүлсүн, натыйжалуу иликтөө жүргүзүлсүн, Мойдуновду РИИБнин имаратында өлтүргөн Мантыбаев жоопко тартылсын деген чечим чыгарат.

Базар-Коргон РИИБинде курман болгон Ташкенбай Мойдунов.

Эгерде биз бул талапты аткарбасак, биз, кыргыздар маскара эле болобуз.

(Аскаров так ошол Мойдуновдун ишин иликтеген. Укук коргоочу анын кыйноодон өлгөнүн айтып келген — редакциядан).

Базар-Коргон районунун тургундарынын Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткиси келгенин түшүнсө болот, анткени өзбек улутундагыларга кол салуу жөнүндө имиштер тараган. Албетте, адамдар коопсуздугу үчүн кабатыр болгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Аскаров 12-июнда өлкөдөн кетип жаткан качкындарды Базар-Коргон районунун акими Артыковду барымтага алууга үндөгөн болуп жатат. Артыков өзү айткан, аны эч ким уккан эмес ал Аскаровдон кепилдик берүүнү суранган. Бирок Артыковдун түшүндүрүү иштери натыйжалуу болбосо, Аскаров кантип кепилдик бере алмак эле? Адатта барымтага алуу жөнүндө кеп болгондо телефон чалынганы же дагы башка фактылар текшерилет.

Адатта барымтага алуунун максаты куткаруу акысы же талап болот. Бул жерде барымтага алуунун мааниси жок болуп калып атат.

Тинтүү учурунда Аскаровдун үйүнөн он патрон табылган. Бирок эмне үчүн Аскаров тинтүү болгон жерде болгон эмес? Айыптоочу тарап тинтүү учурунда кошо жүргөн деген күбө-калысты алып келе алган жок.

Күбө-калыс бул күбө. Алар келип, тинтүү кандай жүргөнүн карап турат.

Тинтүүдөн алынган буюмдар таңгакталган эмес жана мөөр басылган эмес. Протоколдо бул тууралуу жазуу жок. Демек, жок болушу да мүмкүн болчу.

Июнь окуяларында патрондор көп эле жүргөн. Бул жарандардын мойнуна күнөөнү жүктөп коюунун жолу болгон: аларга патрон сала коюп, андан кийин акча тоорушкан. Андыктан ал жерде патрондор көп болчу. Баарын таңгактап, экспертке жөнөтүшкөн.

Бирок тинтүү дегеле болгонуна кантип ишенебиз? Ал жактан эмне табышкан? Анан ошол патрондор кийин экспертизада болуп калган патрондор экенин кантип билебиз? Ал патрондор кайда?

Чындап келсе, буюм далилдер айыптоого келтирилген эмес. Ал патрондорду Базар-Коргон сотунда да, апелляциялык инстанцияда да көрсөтүшкөн эмес. Ал патрондор дегеле таптакыр жок болушу да мүмкүн.

Аныкталган факт эч кандай тинтүү жүргүзүлбөгөнүн көрсөтүп турат. Ок-дары сактады деген айыптоо бурмаланган материалдардын негизинде коюлган.

Ошондуктан, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 81-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, мыйзам бузуу менен алынган далилдерге жол берилбейт жана алар юридикалык күчкө ээ эмес деп эсептелет. Алар иш боюнча чечим кабыл алууга негиз боло албайт.

Сүрөт: Эркиндик үнү

Биринчи истанциядагы сот 2010-жылдын 12-июнунда Сайдуллаев көчөсүндө улут аралык кастыкты козгоо боюнча Аскаровдун күнөөсүн прокурордук айыптын текстине гана негиздеп туруп аныкталган катары баалап койду. Көңүл буруңуздар, прокурордук айыптоонун текстине гана. Башка эч кандай көрсөтмө жок.

Бардык инстанциялардагы соттордо 2010-жылы 12-июнда Базар-Коргон айылынын Сайдуллаев көчөсүндө Аскаров улут аралык кастыкты козгоп, зомбулукка үндөгөнүн ырастаган эч кандай көрсөтмө угулган жок. Түшүнүп жатасыңарбы?

Мен ишти кунт коюп изилдеп, күбөлөрдү угам. Соттун өкүмүндө күбөлөрдүн жана соттолуучу Минюра Мамадалиеваын көрсөтмөсүнө таянышууда, анда алар чиркеменин жылышын айтып беришет. Алар качан болсо: «Чиркеме ошол жакта турган, биз аны нары жылдырдык, бери жылдырдык» деп жатышат.

Мен прокурорлор ал жакта улут аралык кастыкты козгоо болгонун дегеле каяктан алып жазышканын билүүгө аракет кылдым. Ал жерде андай нерсе дегеле болгон эмес.

Урматтуу сот, иштин материалдарын жакшылап карап көрүңүз. Ал жерде прокурорлордун айыптоосу жана чиркеме тууралуу Мамадалиеванын көрсөтмөсү гана бар.

Айыптоонун акыркы, эң негизги пункту — жапырт баш-аламандык уюштуруу жана укук коргоо органдарынын кызматкерин өлтүрүүгө катышуу боюнча. Мен муну жалпы карайм, анткени идея боюнча айыптоо менен өкүмдү жалпы караш керек.

Келгиле, калыс карайлы. Мен адвокаттык бир тараптуулугумду алып таштап, бейтарап эле болоюн.

2010-жылдын 13-июнунда Базар-Коргон РИИБнин 15 кызматкери Базар-Коргон айылынын жанындагы 500дөй киши чогулган көпүрөгө жакындап келишет. Бул кайра эле субъективдүү маалымат, анткени бизде объективдүүсү жок. Аларга сүрмө топ кол салганда алар качып кетип, өздөрүнүн жолдошу маркум Мыктыбек Сулаймановду таштап кетишкен.

Иштин фабуласы боюнча ошондой эле болуп чыгып атат — алар аны таштай качып, ошол бойдон эстебей жүргөндөй. Кийин гана эстешкен. Анан анын тамтыгы чыккан, өрттөлгөн сөөгү табылган. Биринчи эле күнү милиция кызматкерлери жазган түшүндүрмө каттарда, сурак протоколдорунда Аскаров баш-аламандыктын жана милиция кызматкерин өлтүрүүнүн уюштуруучусу катары көрсөтүлүп жатат.

Милициянын 15 кызматкеринин ичинен жетөө ал буйрук бергени тууралуу көрсөтмө беришкен. Сегизи ал жакта болгонун, бирок андай буйрукту угушпаганын айтышкан. Аскаров өзү ал жакта дегеле болбогонун жана 15-июнга чейин өрт коюлган учурларды документтештирип жүргөнүн, ал эми Сулайманов өлтүрүлүп жаткан учурда үйүндө отурганын айтып жатат.

Ошентип, 15-июнга чейин ага эч ким тийген эмес. Бул жерде берилген көрсөтмөлөргө караганда, алардын баары аны ошол киши деп таанып жатышат. Баары бир ооздон «Барымтага алып, өлтүрүш керек» дегенин айтып жатышат. Эгерде 13-июнда эле ал ошол киши экени белгилүү болсо, эмне үчүн ал 15-июнга чейин жайбаракат жашап жүргөн?

Базар-Коргон районунун прокурорунун орун басары Жамиля Туражанова айткандай, 15-июнда ал Аскаров менен тыптынч сүйлөшүп, үйүнө коё берген. Ал 16-июнда гана расмий шектүү катары кармалган. Суроо туулат: эгерде жапырт баш-аламандыкты жана милиция кызматкерин өлтүрүүнү уюштурууда анын ролу башынан белгилүү болсо, эмне үчүн аны 16-июнда гана кармашкан?

Мен жооп берейин: анткени Аскаровду жапырт баш-аламандыктын уюштуруучусу катары көрсөтүү идеясы тергөө органдарында дал ушу 15-июнда пайда болгон, кийинчерээк түшүнүк каттарды, рапортторду тергөөнүн айтканына ылайыктап тууралап коюшкан.

Биз эмне үчүн түшүнүк кат, рапорттор кийинчерээк тергөөчүлөрдүн, тергөөнүн да эмес, жогоруда тургандардын айтканы менен тууралаштырылганына ишенээрибизди негиздеп берейин.

Биринчиден, Аскаров абдан ыңгайлуу адам болуп чыкты, анткени Убактылуу өкмөт жана ошол кездеги жооптуу адамдар үчүн 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон каргашалуу окуялардын уюштуруучусу, өзбек жамаатынын башчыларынын бири кармалганын элге көрсөтүү зарыл эле.

Экинчиден, Базар-Коргон РИИБнин милиция кызматкерлери аларды далай жолу өз укугунан ашкере пайдаланганы жана кылмыштары үчүн ашкерелеп келген укук коргоочудан өч алууга шылтоо тапкан. Ал ошол учурда баарына ыңгайлуу фигура болчу.

Чынара Бечелова, каза тапкан милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун аялы. Сүрөт: Эрнист Нурматов.

Чындыгында болсо 2010-жылдын 14-15-июнунда баш-аламандыкты уюштургандар эчак эле изин жашырып кетишкен. Көпчүлүгү аныкталбаган бойдон калды, аныкталгандарынын бир бөлүгү укук коргоо системасынын кесиптик кемтигинен жана натыйжасыздыгынан пайдаланып качып кетти, дагы башка бөлүгү акча менен кутулду. Бул чындык биздин эл үчүн, биринчи иретте Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү үчүн шермендечилик.

Ош жана Жалал-Абад облустарындагы каргашалуу окуялар боюнча эки улуттук комиссия бар болчу. Мен Убактылуу өкмөт түзгөн комиссиянын мүчөсү элем. Бирок менин ал жактан чыгып кеткен себебим өзүнчө сөз. Мен ал жактан ачык билдирүү менен чыгып кеткем.

Экинчиси кошмо комиссия болчу. Ал укук коргоо органдарынын, УКМКнын, ИИМдин, президенттин администрациясынын жана башкалардын кызматкерлеринен турган жумушчу топ эле. Кызык жери, мен алардын айрым тыянактары менен макулмун. Мен силерге ал комиссиянын корутундусун президенттин аппаратынын сайтынган окуп чыгууну сунуш кылам.

Бул эки комиссия тең ошол кылмыштарды уюштурууга: Бакиевдердин кланы, баңгизат транзитинин башчылары, өзбек автономиясын түзүү идеясына шыктанган өзбек улутунун саясий төбөлдөрү жана тышкы күчтөр тиешеси бар деген жыйынтыкка келген.

Чындыкка жакындаганына, ал эми кээде көзгө дапдаана урунганына карабастан, бир да топтун күнөөсү компетенттүү органдар тарабынан бир да кылмыш иши боюнча, анын ичинде ушул кылмыш иши боюнча да далилденген эмес.

Жетекчилик жана уюштуруу процессин далилдөө деңгээлинде, формалдуубу, формалсызбы, айтор уюмдун түзүмү бар экенин далилдөө деңгээлинде фактылар жок, буйругу аткарылган жетекчилердин болгону далилденген эмес.

Аскаровдун жетекчи болгонун айтып коюу жетишсиз. Кайсы бир система жана түзүм анын буйругун аткарганын далилдеш керек — ал өлтүрүүгө буйрук берсе, ошол буйрук аткарылып жатканы анык болушу керек.

Кыянат пландын көрүнүшү көзгө тартылгыдай уюштуруу процессинин айрым бөлүктөрүн далилдөө деңгээлинде, курал менен камсыз кылууну далилдөө деңгээлинде, анык каналдардан каржылык агым болгонун далилдөөнүн деңгээлинде.

90-жылдарда иликтөө кандай жүргүзүлчү эле? Менде 90-жылдары иштер кандай иликтенгени тууралуу айрым архивдерди көргөнгө мүмкүнчүлүк болду. Ал жерде мурунку система иштеп турган жана ал жерде ошондой топтордун болгон деңгээлинде чын эле иш жүргүзүлгөн. Демек биз азыр да бейкапар боло албайбыз, анткени жанагы айыптардын баары айтылды, бирок иш жүзүндө эч нерсе далилдешкен жок.

Ошол күчтөрдүн баары мурда кандай иштесе, азыр деле ошондой иштеп жатышат. Ошол күчтөрдүн баары биздин укук коргоо органдарын дагы эле жетектеп келатышат. Кырдаалдын үрөй учурган жагы ушунда. Биз анын баарын териштирген жокпуз, анткени биз улутчул калкты көкүтүп койсо, анан сотко кысым көрсөтсө боло турган ылайыктууларын кармап алдык, анткени соттор ошол тартип бузуунун баарын көрүп туруп өкүм чыгаруудан да коркушкан.

Биздин иш боюнча бардыгы «ал мындай деди, бул мындай деди» деген деңгээлде гана болуп жатат. Тилекке каршы, бул көрсөтмөлөрдөн башка жаңы эч нерсе жок. Туражанов ыкчам кызматкерлерин 13-июндан 15-июнга чейин убара кылганын түшүнөт элем, бирок ал болбогондуктан, жаңы эч нерсе кошулбады. Ошондой эле кийинчирээк алар керектүү маалыматтарды берүүгө мажбурланганы белгилүү болгондуктан же алардын айткандарын жабыр тарткандардын көрсөтмөлөрү төгүндөгөндүктөн «ал мындай деди, бул мындай деди» делгендердин басымдуу бөлүгү төгүндөлүүдө.

Рапортторго жана жабыр тарткан милиционерлердин көрсөтмөлөрүнө ишенсек, райондук милициянын жетекчиси Мамыржан Мергентаев башынан эле Аскаровдун уюштуруучу жана жетекчи катары күнөөлүү экендигинен шек санабаптыр. Ошол эле кезде 13-июндан 15-июнга чейин аны кармоого карата чара көрүлүшүнөн эч кабар жок. Ал күнөөлүү экенин билсең, прокуратура менен макулдашпай туруп эле кармап, прокуратураны фактылар менен тааныштыруу жетиштүү болмок. Булардын эч бири жасалган эмес. 

Азимжан Аскаров жана анын адвокаттары.

Мурдагы милиционер Кубанычбек Умурханов башында аны таш менен чабышканын айтып, кийинчирээк аны таяк менен урушканын билдирет. Бул да көрсөтмөлөрдөгү карама-каршылык. Мен андан, эмне үчүн Аскаровдун жетекчилик жана уюштуруучулук ролу тууралуу маалыматты берген эмессиң деп сурасам, мен дендароо абалда болгонмун дейт.

Мурдагы участкалык милиционер Эмилбек Мантыбаев Аскаровдон 150 метр аралыкта туруп, анын кыйкырганын укканмын дейт. Ал Аскаровдун кыйкырганын кантип дааналап уга алды болду экен?

Аскаровдун жетекчилик ролу тууралуу эмнеге билдирген эмессиң деген суроого, ал оперге айтканын билдирди. Бирок кайсы оперге айтканын эч эстей албай койду. Оперди билбеген участкалык милиционерлер да болобу? Негедир, буга ишенүү оор. Ал Базар-Коргон РИИБинде каза болгон Мойдуновдун иши боюнча жоопкерчиликке тартылган кызматкердин так өзү.

Участкалык милиционерди суракка алып жатабыз. Аскаровдун жетекчилик ролу тууралуу маалымат бербегендигинин себеби катары бул анын участогу болбогонун айтты. Бул сандырак кеп. Эгерде анда ойлонгонго мүмкүнчүлүгү болгондо ал сөзсүз эч качан мындай дебейт болчу. Эмне үчүн ал анын кесиптеши, милициянын кызматкери өлтүрүлүп жатса, Аскаровдун жетекчилик ролу тууралуу маалыматты берген эмес? Анын участогу болбогондугу үчүн элеби? Ооба, кээде алар ушундай кылышы мүмкүн, бирок бул окуяда эмне үчүн ал ушундай айтып жатат? Анткени ал бул суроого даяр эмес болчу.

13- жана 14-июнда эч кимде бардыгын Аскаров кылганы, ал милиционерди өлтүргөнү тууралуу ой да болгон эмес. Бул кийинчирээк 15- жана 16-июнда пайда болду. Аскаров телефон аркылуу анда видео жазуулар бар экендиги, Базар-Коргондогу окуяларга айрым адамдардын катыштыгы бар экендиги тууралуу байкабай айтып алгандан кийин болуп жатат. Ал жерде жалгыз гана Мыктыбек Сулайманов өлтүрүлгөн эмес, эртеси ал жерде дагы 15 адам каза болгон.

[Аскаров] бул тууралуу ойлонбостон айтып алган, ошондуктан аларда [Аскаровдо] видеодалидер болушу мүмкүн деген ой пайда болгон. Бул далилдерди алып алыш үчүн аны кармашкан. Эч кандай видео жок экени билингенде, алар иликтөө иштерин жүргүзүп, жетекчисин кармадык деп рапорт бергенге жакшы ыңгай түзүлгөн.

Милиционер Тургунбек Таиров Аскаров кыйкырып жатканын айтат. Ал анын куралын тартып алышканын билдирет. Бул жерде эскертип кете турган нерсе, милиционерлер мурдараак аларда эч кандай курал болбогонун айтышкан эле. Балким, жалгыз гана Таировдо эле эмес башкаларда да курал богондур? Сулайманов ок атылгандан да каза болушу мүмкүн эле.

Бул жерде көрсөтмө берген бардык күбөлөр, жабыр тарткандар окуя кандай болгонун айта башташканына көңүлүңөрдү бургум келет. Бирок бул учурда прокурорлор туруп суроо узатып калышат: «Ал эми Аскаров тууралуу эмне айта аласыздар?». Ошондо күбөлөр, бул тууралуу эстегенсип, айта башташат: «Аскаров акимди барымтага алып, калгандарын өлтүргүлө деген».

Окуя болгон жерде түзүлгөн протоколду карасаңар. Ал кандайча жасалган, схемалар кандай тартылган? Бул алардын кесиптеши, милиция кызматкерин өлтүрүп кетүү тууралуу иш. Схема болсо кандай тартылган? Бул протоколго таянып окуя болгон жер тууралуу оңдуу маалымат алалбайбыз, анткени масштабды сактоонун бир да шарты аткарылган эмес.

Окуя болгон жердин схемасын түзүп жатсаң, биринчи кезекте, масштабтык чен-өлчөмү көрсөтүлүшү зарыл, биз ар түрдүү объектилердин ортосундагы аралыктарды так билишибиз керек. Схема биринчи класстын окуучусу тарткандай элес калтырат. Бул жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин деңгээли тууралуу маалымат берет.

Сөөктү (өлүктү) изилдөө протоколу 14-июнда түзүлгөн. Сөөктү окуя болгон жеринде, анын ошол жердеги объектилер менен байланышында изилдеш керек болчу, ошондо ал каякта жатканын аныктай алабыз. Бул жасалган эмес, изилдөө башка жерде жүргүзүлгөн. Ошондуктан бизде түшүнүктүү шектенүү жаралат, өзгөчө Мыктыбек Сулаймановдун бир тууганы каракушка жакын моюн жакта октун тийген жерин көргөнү тууралуу айтканда. Милиция кызматкерлери, балким, куралчан болгонун билгенибизде, буга өзгөчө маани бериш керек болот.

Ырасын айтканда, жасалма түрдө күбөлөрдү жабыр тарткан тарап кылып коюшкан. Соттун акыйкаттыгы үчүн алар сотко кезеги менен кирип, көрсөтмө бериши керек болчу, бирок анын ордуна алар чогуу отурушуп, бири-биринин айткандарын угуп турушкан, жыйынтыгында алардын бардыгы жети окшош көрсөтмө беришти. Алар эч нерсе уккан эмеспиз деп чыгышты.

Аскаров жабыркагандарга карата экспертиза дайындоо тууралуу токтомдор менен тааныштырылган эмес. Эгерде тергөөчү экспертиза жүргүзүү жөнүндө токтом чыгарса, шектүү да ошол токтом менен тааныштырылышы керек. Анын экспертиза дайындалганда бүтүндөй укуктар топтому бар: ал экспертти четтетүү тууралуу өтүнүч кат бере алат, ал экспертизаны башка эксперттик мекемеде өткөрүлсүн деп арыз бере алат. Экинчи сыйра экспертиза өткөрө албайсың, анткени көгөргөн жерлер убакыт өткөн соң айыгып кетет.

Көпүрөдө 500 киши болгон деп жатышат. Сайдуллаев көчөсүндө да көп киши болгон. Ал жакта ошондо жүргөн 500 кишинин калганы кайда? Бүтүндөй айылдан айыптоо органдары кимдир бирөөнү табышы керек эле да. Эч ким жок.

Бир жагынан Аскаров Убактылуу өкмөт үчүн ыңгайлуу фигура болчу, экинчи жагынан бул [милиция кызматкерлери тарабынан Аскаровдон] өч алуу болчу.

Мен бүгүн бир кагазды тиркедим, биз Аsman.kg сайтында бир макала таптык, УКМКга кайрылып жатабыз. Анан бизге УКМКнын бир жаш кызматкери келди түшүнүк кат чогултуп алып, расмий түрдө баш тартыш үчүн. Анан ошол маалымат адегенде макаланы буюртма бергендерге «төгүлүп», кийинки күнү Азиза Абдирасуловага кол салуу болуп жатат. Мен азыр укук коргоо органдарынан эч кимге ишенбейм, андыктан аны органдар менен бөлүшө албайм.

Мен жөнүндө сен адвокатсың, демек доллар менен акча табасың дешет, бирок акча мурун деле болгон эмес, азыр деле жок. Ал эми Базар-Коргондо 2010-жылдын окуяларынан кийин ким байып кетти? Ким пайда көрдү? Азыр ошол жакка барып изилдесеңер, баарын өзүңөр түшүнөсүңөр.

Эгерде сот Аскаровду актап чыкса, бул укук коргоо системасына кишини кыйнаган туура эмес деген эң сонун сигнал болот, бул сот реформасында алдыга ташталган кадам болот.

Эгерде аны актасаңар, эл аша чапкан болбой тургандыгын, колго чаба турган күч бар экендигин, жол-жобону бузганга болбой тургандыгын түшүнөт. Бул сот реформасын алдыга жылдырат.

Өкүмдү күчүндө калтырсаңар, мындан кийин деле кишини кыйнай берсе болот, адам укуктарын буза берсе болот деген сигнал берилет. Анда сот реформасынын идеясы менен кош айтыша берсе болот.

Мен Аскаровду кылмыш курамы жок болгондугу үчүн актоону өтүнөм, анткени эч кандай патрондор, эч кандай барымтага алуу болгон эмес.

Авторлошу: Алмир Алмамбетов
Видео: Александра Ли

ТЕМА БОЮНЧА: