Италияда мейманкананы көчкү басып калды. Курман болгондордун баары бир жумадан кийин табылды

Көчкү жүрүп жатканда Италиянын «Ригопиано» мейманканасында чыга албай калган 11 адам тонналаган калың кардын астынан бир жумалык издөө иштеринен кийин табылып, куткарылды. Ошондой эле курман болгон 29 кишинин сөөгү да табылды.

Көчкү «Ригопиано» тоо-чаңгек мейманканасын 18 январда басып калган — кардын күүсү мейманкананы 10 метрге жылдырып барып, чатырын сындырып кеткен. Кырсык болгон учурда мейманканада 30дан ашуун киши — коноктор жана мейманкананын кызматкерлери жүргөнү белгилүү болчу.

Куткаруу иштери бир жумага созулган, натыйжада 11 адам куткарылган. Ошондой эле курман болгондордун — 15 эркектин, 14 аялдын сөөгү да табылган. Каза тапкандардын арасынан 12 маркумдун өздүгү аныкталды — алардын жетөө меймандар, бешөө мейманкананын кызматкерлери болуп чыкты.

Акыркы табылган аял менен эркектин өздүгү дагы эле аныктала элек. Каза тапкандардын көбү алган жаракаттарынан улам курман болгон, дагы бир бөлүгү тоңуп же тумчугуп калган.

Мейманкананын бардык коноктору жана кызматкерлери 18-январда эле аймакта болгон жер титирөдөн кийин дароо чыгарылып кетиши керек болчу.

Беш баллдан ашык күч менен төрт сыйра жер титирегенде кар көчкүлөр түшүп, алар Абруццо аймагынын шаарлары менен кыштактарын тышкы дүйнөдөн жана коммуникациялардан ажыратып салган.

Үч кабаттуу мейманканага түшкөн кар көчкү аны ордунан жылдырып, ичиндеги меймандар ошол бойдон камалып калган.

Аба ырайынын шарттарынан улам куткаруучулар мейманканага 19-январда гана араң жетишкен — жолдун бир бөлүгүндө алар калыңдыгы беш метрлик карды аралап өтүүгө мажбур болушкан.

Адегенде куткаруучулар ЖМКга мындай көчкүдөн аман калыш өтө эле күмөн экенин айтып, бирок кийин куткаруу иштеринин натыйжасында тирүү калган 11 кишини, анын ичинде кичинекей балдарды таап чыгышкан.

Сүрөт: Ansa

ТЕМА БОЮНЧА: