Кыргызстандык Валентина Шевченко атаандашы Жулианна Пеньяны UFC Fight Night турниринде жеңип алды. Шевченко өзүнүн салмактык категориясында биринчи катарда турат. Эгерде ал кийинки беттеште Аманда Нуньести жеңе турган болсо, эрежесиз мушташ боюнча дүйнө чемпиону болуп калышы мүмкүн.

Турнир 28-январда (Бишкек убактысы боюнча 29.01) АКШнын Колорадо штатындагы Денвер шаарында болуп өттү.

Классикалык беттеш ар бир раунду беш мүнөткө созулган беш раунддан турат. Экинчи раундда Шевченко «чыканак рычагы» ыкмасын колдонуп өз атаандашын багынып берүүгө мажбурлады.

«Мен ар бир мушташтан көп нерсени күтөм, мунусунда да өзгөчө күткөм. Анткени бул менин титулдук беттешке бир кадам жакындаштырат. Мага Жулианнанын торго эмне менен келээри кызыктырбайт, баарына күчүм жетет жана октагондон жеңиш менен чыгам», — деген Валентина мушташка чейин.

Эффективдүү оюн көрсөткөнү үчүн бонус катарында Валентина Шевченко 50 000 доллар өлчөмүндөгү сыйлык алат.

Эми Шевченко кийинки оюнда Аманда Нуньес менен дагы күч сынашат, эгерде жеңип алса, анда эрежесиз мушташ боюнча дүйнө чемпиону наамын алат.

Аманда Нуньес мушташтан кийин дароо Шевченкону куттуктоо үчүн рингге чыкты.

Бул Шевченконун UFCдагы төртүнчү беттеши (АКШ, Азия жана Европада өлкөлөрүндө аралаш мушташтарды өткөргөн престиждүү спорттук уюм) жана үчүнчү жеңиши.

Кыргыз спортчусунун жалгыз гана жеңилип калган учуру Аманда Нуньеске каршы өткөн оюнда болгон.

Аманда өзүнүн атаандаштарынын баарын мөөнөтүнөн мурда эле жеңип койгон. Бир гана Шевченко ага каршы беттеште оюндун аягына чейин толук мушташкан.

Валентина Шевченко — Кыргызстандын аралаш мушташ боюнча спортчусу жана дүйнөнүн 16 жолку чемпиону, ошондой эле Дүйнөлүк мушташ өнөрү боюнча оюндардын эки жолку жеңүүчүсү.

Валентина 2003-жылдан бери ММАдин (Mixed Martial Arts — аралаш мушташ өнөрү) спортчусу болуп эсептелет. MMA боюнча дүйнөнүн чемпиону наамын ал эки жолу алган.

Андан тышкары Валентина муай-тай менен машыгып, 11 жолу чемпион болгон. Ал үч жолу кикбокс боюнча дүйнөнүн чемпиону аталган.

Кыргызстандык Валентина Шевченко дүйнөлүк «Аялдар арасындагы эң мыкты тайбоксёру» наамына ээ.

Мушташ өнөрү менен ал бир тууганы жана мушташтын ар кандай түрү боюнча чемпиону болгон Антонина Шевченко менен бирге алектенет.

Сүрөт: UFC


ТЕМА БОЮНЧА: