Кыргызстан онкологиялык оорулуулар үчүн ырааттуу тездеткич алат. Бирок ал эмне?

MINOLTA DIGITAL CAMERA

Дээрлик тогуз ай бою Кыргызстанда онкологиялык оорулуулар үчүн ырааттуу тездеткич сатып алууга акча жыйналып, ал иш акыры максатына жеткени калды (окшойт). Бирок балким силер анын эмне экенин жана эмне үчүн мынчалык маанилүү экенин билбешиңер мүмкүн.

1Деги эмне жөнүндө кеп болуп атат?

2016-жылдын май айында «Жардам берген оңой» кайрымдуулук фонду онкологиялык оорулуулар үчүн ырааттуу тездеткич сатып алууга акча чогулта баштаган. Бүгүн бүт Кыргызстан боюнча иштеп жаткан ушундай бир гана аппарат бар, аны күн сайын 200 киши колдонот, бул болсо алты миллион калкы бар өлкө үчүн жетишсиз.

Ырааттуу тездеткич — кымбат түзмөк. Мамлекетте аны алганга акча жок, ал орто эсеп менен 3,5 миллион доллар турат.

«Жардам берген оңой» фондунун түзүүчүсү Динара Аляева эгерде ар бир кыргызстандык жаран тездеткич үчүн бир доллардан берсе эле бул миңдеген өмүрлөрдү сактап калаарын айткан.

Бирок тогуз ай бою жалпы элден акча топтоонун натыйжасында керектүү сумма чогулган жок.

2Бул эмне болгон шайман?

Биз ыраттуу тездеткичтин физикалык жагын талдап отурбай эле, медициналык өңүтүнө өтөлү.

Бөлүкчөлөрдү ырааттуу тездеткич — бул адамдын соо клеткаларына болушунча аз зыян тийгизип, өсмө клеткалары менен күрөшкөн аппарат.

Америкалык Гордон Айзекс аттуу бала ырааттуу тездеткичтин жардамы менен дарыланган биринчи адам болгон. Бул 1953-жыл болчу. Сүрөт: Өсмөнү изилдөөнүн улуттук институту, АКШ.

Радиотерапия үчүн пайдаланылган алда канча эски аппараттардын коштомо зыяны абдан көп болчу.

Азыркы ырааттуу тездеткичтердин көпчүлүгү компьютер менен башкарылат, ал кайсы жерге нурдун агымын жибериш керек экенин абдан так эсептеп бере алат.

Ырааттуу тездеткичтин өзгөчөлүгү — ал нурга өсмө шишигинин формасын алууга жол бергенинде. Андыктан өсмө клеткалары жок кылынып, тегеректеги соо клеткалар кала берет.

3Кыргызстанга канча тездеткич керек?

Адистер алты миллион калкы бар Кыргызстанга 20дай ырааттуу тездеткич керек деп эсептешет.

Азыр Улуттук онкология борборунда бир ырааттуу тездеткич бар, анын иштегенине 30 жылга жакындап калды. Ал эскирип, жарым-жартылай гана иштейт, андыктан тереңдеги шишиктерди дарылаш үчүн аны пайдаланыш мүмкүн эмес.

Кыргызстанга 2008-жылы тартууга келген «Terabalt» аттуу дагы бир ырааттуу тездеткич үч эсе көп жүктөм менен иштеп келатат, анын айынан иштен чыккан учурлары көп. Аппаратты техникалык тейлөөгө акча бөлүнбөйт. Ошондуктан дарыгерлер аны өз алдынча оңдогонго мажбур.

Натыйжада ал аппарат эми так иштебей, соо органдарды да талкалап жатат.

4Акча кантип чогулган?

Ырааттуу тездеткичке акча жыйноо акциясы 2016-жылдын май айында башталган. Тогуз ай ичинде кыргызстандыктар 4 миллион 322 миң сом топтоого жетишти.

Эгерде акча топтоо ушундай эле ыргакта улана турган болсо, ырааттуу тездеткичти 40 жылдан кийин сатып алса болот.

5Акча берүүгө ким убада берген жана жыйынтыгында кимиси берди?

Мамлекеттик кызматкерлердин ичинен бир күндүк айлыгын Жогорку Кеңештин депутаттары, «Бишкек жылуулук түйүнүнүн» кызматкерлери, Кыргызстандын урологдору которуп беришти.

«Кызыл жарым ай» акча топтош үчүн марафон уюштуруп, Бишкектин кондитердик компанияларынын бири болсо эң чоң торт жасап, андан түшкөн акчаны ырааттуу тездеткичке жумшады. «Тумар» бийчилер тобу да четте калган жок.

«Кыргызстан» коммерциялык банкы жана эл аралык «Манас» аба майданы да каражат бөлүштү. Бишкекте активисттер коомдук түйүндөрдү пайдалануучулардын кечесин уюштуруп, андан түшкөн акчаны түзмөктү сатып алууга сарпташты.

Бирок ошонун баары жеткен жок.

Натыйжада «Мөл Булак» чакан насыя компаниясынын башкы директору Бабур Төлбаев тездеткичти сатып алууга инвестор таап, аны Кыргызстанга жеткирип келүүгө убада берди.

Башкы сүрөт иллюстративдик мүнөздө