ИИМ «өлүм топторунун» айынын өз жанын кыйган учурлар болгонун аныктай албады, ата-энелерге балдарына көзөмөл кылууну сунушташты

Өспүрүмдөрдү жанын кыюуга түртмөлөшү мүмкүн оюндардын коомдук тармактарда таркатылышын укук коргоо органдары «көзөмөлгө алышат». Билим берүү жана илим министрлиги мектептерге ушуга окшош оюндарга байланыштуу балдар жана алардын ата-энелери менен иш алып барууну күчөтүү тууралуу тапшырма берди.

Ички иштер миистрлиги өспүрүмдөрдү жанын кыюуга түртмөлөшү мүмкүн оюндардын интернетте таркатылышын көзөмөлгө алышарын билдирди.

Азырынча Кыргызстанда ушул оюндун айынан өз жанын кыйган учурлар каттала элек.

«ИИМ жарандардын аккаунттарына кире албагандыктан, алардын кат жазууларына толук көзөмөл жүргүзө албайт. Ошол эле кезде Кыргызстанда бу күнгө чейин Интернеттин айынан өз жанын кыйгандар каттала электигин белгилешибиз керек», — деп маалымдайт министрлик.

Окуучулардын өспүрүмдөрдү жанын кыюуга түртүшү мүмкүн оюндар менен ойношу Билим берүү жана илим министрлигин тынчсыздандырууда.

Мектептерге ушуга окшош оюндардан балдарды оолак кармаш үчүн балдар жана ата-энелер менен иш алып барууну күчөтүү керек деген тапшырма берилди.

«Балдардын жан-дүйнөсүнө жана ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн тармактык жана компьютердик оюндар боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүү зарыл», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

«Көк кит»

Өспүрүмдөрдү жанын кыюуга түртмөлөшү мүмкүн оюндар Кыргызстанга орусиялык интернет-сегменттен келди. 2016-жылы орусиялык «Новая Газета» басылмасы «өлүм топтору» тууралуу макаласын жарыялаган.

Белгисиз адамдар балдарды оюнга чакырышып, коомдук тармактагы барактарына ар түрдүү хэштегдерди колдонуу менен көк киттин сүрөтүн жайгаштырууну сунушташкан. Бул сүрөттөрдүн жардамы менен квест деп аталган оюнга катышкан «оюнчулардын» санын билсе болот эле.

Андан ары 50 күн аралыгында окуучуларга ар кандай тапшырмалар берилип турган. Оюндун аягында өспүрүм же асынып, же терезеден секирип өз жанын кыйышы керек болот.

Психологдордун айтымында, өспүрүмдөр бул жашта башкалардын таасирине өзгөчө бат кирип, мындай кадамдарга барышы мүмкүн. Оюндун ээлери болосо балдарга алар өлгөндө «таттуу кыялдардын дүйнөсүнө» түшөсүңөр деп убадалашат.

«Новая Газетанын» макаласы катуу сынга алынган. Адистердин пикиринде, макалада окуучулардын өз жанын кыюу фактылары менен «өлүм тобунун» ортосундагы байланыштар так жана ишенимдүү көрсөтүлгөн эмес.

Сүрөт: Flickr, Amila Tennakoon.