«Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» өкмөттүн кетүүсүн талап кылышты

«Ата Мекендин» башчысы Өмүрбек Текебаев премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын ЕАЭБге ырааттуу жуурулушуп кирүү маселесин чече албады деп, аны кызматынан кетүүсүн сунуш кылды.

Текебаевдин пикиринде, кыргыз өкмөтү Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Беларус жана Армения кирген Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстандын ырааттуу түрдө жуурулушуп кирүү маселесин чече алган эмес.

«ЕАЭБ идеясын жаман көрсөткөндүгү үчүн учурдагы өкмөттүн курамына ишеним көрсөтпөө жараянын баштоого керектүү колдорду чогултканга киришебиз», — деди ал.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев дагы премьер-министрдин ишине нааразылыгын билдирди. «Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүдөгү маселелери» үчүн Жээнбековго өз эрки менен кызматынан кетүүсүн сунуш кылды.

«Урматтуу Сооронбай Шарипович, бул абалды сиз оңдой ала турганыңызга мен ишенбейм, сиздин ордуңузда болсом кызматтан өз эрким менен кетүү тууралуу ойлонот элем», — деди Төрөбаев.

Жогорку Кеңеш 2-февралда Жээнбековдун ЕАЭБге киргенден кийинки жагдай тууралуу маалыматын угушту. Ал келтирген сандар боюнча, Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин 2016-жылы экспорттун көлөмү 8,1 пайызга, ал эми импорттун көлөмү 18,5 пайызга төмөндөгөн.

«Республика — Ата-Журтту» жетектеген Өмүрбек Бабанов анын фракциясы өкмөттүн ишмердүүлүгүн өз жыйынында карай тургандыгын билдирди, бирок кошумча башка маалымат бербеди.

Өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин караш үчүн аны парламентарийлердин үчтөн бири, же башкача айтканда 40тан кем эмес депутат колдошу керек.

«Ата Мекендин» 11 мандаты бар. Эгер ага көпчүлүк коалициясына кирбеген дагы эки фракция кошулса — «Өнүгүү-Прогресс» жана «Республика — Ата-Журт» — анда колдоолордун саны тийиштүү босогодон ашат. Мындайда Жогорку Кеңеш өкмөттү кетирүү маселесин өз жыйынында карашы керек болот.

Авторлошу: Чыңгыз Асангулов
Сүрөт: gov.kg


ТЕМА БОЮНЧА: