Бишкек: ВДНХнын жанындагы автокырсыктан үч жигит мүрт кетти

Бир мектеп окуучусу жана эки студент Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн (ВДНХ) жанында автоунаа менен кетип баратып бакка урунду. Үчөө тең окуя болгон жерде мүрт кетти.

«Subaru» маркасындагы автоунаа 2-февраль күнү кечинде жолдон чыгып кетип, бакты сүзүп алды.

«Автоунаа үчкө бөлүнүп кеткен, ал эми сыныктары 50 метр радиуска чачырап кеткен», — деп жазды автокырсыкка күбө болгон Айбек Баратов «Фэйсбуктагы» өз барагында.

Баратовдун айтымында, автоунааны мүрт кеткен жаштардын бири 2-январда, кырсык болгон күнү жаңы эле сатып алган.

Кырсык учурунда автоунаада Бишкектеги мектептердин биринде окуган 11-класстын окуучусу, ошондой эле 19 жана 20 жаштагы эки студент болгон. Алар дароо мүрт кеткен.

Күбөлөрдүн айтымында, автоунаа өтө чоң ылдамдык менен келатып жолдон чыгып кеткен.

Азыр милиция жол кырсыгын иликтеп жатат.

Сүрөт: Айбек Баратов