АКШ: Трамптын миграция боюнча жарлыгы өлкө боюнча токтотулду

Дональд Трамптын миграция боюнча жарлыгы өлкө боюнча Вашингтон штатынын федералдык соту тарабынан токтотулду. Жарлыкка ылайык, АКШга жети өлкөнүн жарандарын киргизүүгө тыюу салып, качкындарды кабыл алуу боюнча чектөөлөр коюлган.

Вашингтон штатындагы Сиэтл федералдык соту президент Трамптын көпчүлүк калкы мусулмандарды түзгөн жети өлкөнүн жарандарына виза берүүгө жана ал өлкөлөрдөн качкындарды кабыл алууга тыюу салган миграция боюнча жарлыгын токтотту.

Президент өзү болсо соттун чечимин сандырак деп атады.

«Сот деп аталган мунун пикири барынан мурда өлкөбүздүн укук коргоочу функцияларын алып таштоодо. Бул сандырак жана жокко чыгарылат!» — деп жазган Дональд Трамп твиттеринде.

Дональд Трамптын жарлыгы Судандын, Йемендин, Ливиянын, Сомалинин, Ирактын, Ирандын жана Сириянын жарандарына тиешелүү болгон.

Жарлык Вашингтондун сотуна берилген тыюуну жокко чыгаруу боюнча арыз каралганга чейин токтотулган. Америка президентинин жарлыгы менен жараксыз деп табылган жүз миңден ашуун визаны АКШнын виза органдары калыбына келтире башташты.

Прокуратура Трамптын жарлыгын мыйзамга каршы деп табууну жана аны жокко чыгарууну талап кылууда.

АКШнын адилет министрлиги Сиэтл сотунун чечимин даттанууга аракет кылган. Бирок АКШнын апелляциялык соту адилет министрлигинин арызын 5-февралда кабыл албай койгон.

Ал эми Виржиния штатынын федералдык сотунда Йемендин эки жаранынын арызы боюнча соттук угуулар өттү. Убактылуу жашоого уруксаты болсо да аларды АКШга киргизүүдөн баш тартышкан.

Трамптын жарлыгына кош жарандуулугу бар жана ошондой эле транзит менен учуп бараткан адамдар да туш болушкан.

Жарлык тууралуу кабар чыгаары менен эле АКШнын ири шаарларынын көчөлөрүндө жана аэропортторунда көптөгөн нааразылык акциялары өткөн. Акцияларга миграциялык кызмат өлкөгө киргизбей койгондорго акысыз жардам көрсөткөн юристтер дагы кошулган.

Аталган жарлыкка каршы акцияны мурдагы президент Барак Обама дагы, Google компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Сергей Брин жана башка көптөгөн америкалык белгилүү инсандар колдогон.

АКШнын президенти өз жарлыгы менен өлкөсүн «радикал мусулман террористтерден» сактап жатам деп эсептейт. Бирок бул жарлык Конституция менен АКШнын 1965-жылы кабыл алынган Харт-Селлер мыйзамына каршы келет. Ал мыйзамда АКШга жарандыгынан улам миграция кылууну чектөөгө тыюу салынат.


ТЕМА БОЮНЧА: