Куралдуу каракчылар Бишкектин борборундагы кафеден 100 миң сом тоноп кетишти

Куралдуу төрт каракчы Бишкектин ортосундагы «Цзи Сян» кытай кафесине кирип барып, 100 миң сом алып кетишти. Милиция каракчылык боюнча кылмыш ишин козгоду.

Беткап кийген куралдуу каракчылар 6-февралда болжол менен кечки саат тогузда Борбордук нике өргөөсүнүн маңдайындагы «Цзи Сян» кытай кафесине кирип барышты.

«Биз кетели деп жатканбыз, бирок тарс эткен үндү уктук. Адегенде салют экен деп ойлогонбуз. Бир убакта эле беткап кийген автоматчан кишилер кирип келип, баарыбызга жерге жатканга буйрук берип, болбосо өлтүрөөрүн айтышты. Биз коркуп кетип алардын талабын аткардык», — деди K-News маалымат агенттигине курган маегинде кытай кафесине келгендердин бири.

Окуяга күбө болгондор «Спутник» басылмасына каракчылар мылтыктан бир жолу ок атышканын айтышты.

Кафедеги бытыра тийген отургуч.

ШИИБ куралдуу төрт каракчы кафенин кызматкерлерин опузалап 100 миң сом тартып алып изин жашырып кетишкенин кабарлайт.

«Кылмышкерлер кассада болгон акчанын баарын алып белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен», — деп айтылат башкалаанын милициясынын билдирүүсүндө.

«Вечерний Бишкек» басылмасы каракчылар айрым кардарлардын алтын жасалгаларын жана баалуу буюмдарын да тартып алышканын кабарлоодо. Бирок милиция азырынча муну ырастай элек.

Окуя боюнча «Карактоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, милиция окуяны иликтөөнү улантууда.

Каракчылар кармалса мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Сүрөт: «Спутник»