Кыргызстан: Башкы прокуратура «Көк жаяндын» тегерегиндеги ызы-чуудан кийин сайттарга бөгөт койгусу келип жатат

Jpeg

Башкы прокуратура Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна доо арыз берип, «жашы жете электерге зыян тийгизген» веб-сайттарга бөгөт коюуну талап кылды. Бирок алардын так тизмеси азырынча ачыкка чыга элек.

Ал тизмеге кайсы бир коомдук түйүн кирген-кирбегени да белгисиз.

Башкы прокуратуранын өкүлү Kloop.kgнин журналистине анын мекемеси бөгөт коё турган сайттардын кайсы бирин атагандан баш тартты.

Өзүнүн басма сөз баракчасында Башкы прокуратура «жашы жете электердин руханий, адеп жана психикалык саламаттыгына оңолгус зыян тийгизиши» мүмкүн болгон интернет-булактарга бөгөт коёрун жазды.

Андай сайттарды таап чыгыш үчүн Бишкек шаардык прокуратурасы мекеме аралык комиссия түзүп, ага Мамтехбайланыш комитетинин, Бишкек ШИИБнин, башкалаанын мэриясынын жана аты аталбаган «коммерциялык эмес уюмдардын» өкүлдөрү кирди.

Өз аракеттерин Башкы прокуратура «маалымат коопсуздугун камсыз кылуу» зарылдыгы менен негиздеп жатат.

Доо арыздын сотто карала турган мөөнөтү азырынча белгисиз.

Башкы прокуратуранын аракеттери өспүрүмдөрдү өз жанын кыюуга түртөт экен деген «Көк жаян» оюнунун айынан интернеттин кыргыз сегментинде пайда болгон тополоңдон бир жума өткөн соң жанданууда.

Ызы-чууга карабастан, ИИМ бул оюндун айынан өспүрүмдөр өз жанын кыйган бир да учур катталбаганын бир нече жолу билдирген.

Kloop.kgнин негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендердин комментарийи

Мурда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы веб-сайттарга мыйзамсыз бөгөт коюуга аракет кылган — эреже катары, мекеме эксперттерди жалдап алып, алардын корутундусунун негизинде Мамлекеттик байланыш агенттигине белгилүү бир, мамлекетке анча жага бербеген веб-сайттарга бөгөт коюуга буйрук берчү.

2014-жылы Башкы прокуратура ошондой жол менен Kloop.kgдеги материалга бөгөт койгусу келген, бирок нааразылык иретинде веб-сайттын баарын өчүрүлүп, укук коргоо уюмдары кайрылгандан кийин буйрук кайра чакыртылып алынган.

Андан бери Башкы прокуратура башка ыыкмаларга өтүп, веб-сайттарга сот аркылуу бөгөт коюуга аракет кылып жаткан окшойт. Бирок алар коомдук түйүндөрдү эмне кылаары таптакыр түшүнүксүз.


ТЕМА БОЮНЧА: