Бишкек: «Космопарктан» курчоо алынды, бомба табылган жок

Бишкектеги «Космопарк» соода-көңүл ачуу борборунан курчоону алды. Жардыруучу түзмөк азырынча табылган жок. Адамдар бомба тууралуу билдирүүдөн кийин имараттан эвакуацияланган болчу.

ШИИБнин басма сөз борборунан кабарлашкандай, «Космопарктын» имаратындагы бомба тууралуу маалымат ырасталган жок.

 

Kloop.kgин кабарчысы Элвира Муратованын айтымында, милиция «Космопарктын» имаратынан курчоону алып, имаратка кызматкерлер менен эс алуучуларды киргизишкен. Муратова болжол менен атайын кызматтын беткапчан адамдары имараттан куру кол чыгышканын көргөн.

Жардыруучу түзмөк коюлган имиш деген билдирүү «Космопарктын» күзөтчүсүнөн 19:10до келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери имаратты сары тасма менен курчап алып, элди көңүл ачуу борборунан алысыраак кууп чыгышкан. Окуя болгон жерде УКМКнын сапёрлору жана Октябрь РИИБнин кызматкерлери иштешкен.

Милиция «Космопарктын» имаратын курчоого алды. Сүрөт: Элвира Муратова.
Милиция «Космопарктын» имаратын курчоого алды. Сүрөт: Элвира Муратова.
Сүрөт: Элвира Муратова.