«Азаттык» Бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын «хансарайын» тасмага тартып алды

«Азаттык» үналгысынын журналисттери Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовдун туугандарына катталган кымбат кыймылсыз мүлктү таап чыгышты. Ошол эле учурда анын расмий бир жылдык кирешеси 8500 долларды түзөт.

Журналисттер аныктап чыккандай, Матраимовдун расмий кирешеси анча чоң болбогонуна карабастан, ага Ош шаарындагы эки «Народный» дүкөнү жана жаңы «Эрем» спорт комплекси таандык.

Журналисттер Матраимовдун жакын туугандарына катталган үч хансарайды таап чыгышты. Оштун борборундагы эки кабат чоң үй анын энеси Апиза Матраимовага катталган.

Оштогу мамлекеттик резиденциянын жанындагы эң кымбат үйлөрдүн бири анын бир тууганы, президентти колдогон КСДП партиясынын депутаты Искендер Матраимовго таандык. Дагы бир үй — жакын кызматташы Зафар Айдаровдуку.

Матраимов өзү Бишкекте Эркиндик бульварынын жана Жибек Жолу проспектинин кесилишиндеги тандалма үйлөрдүн биринде жашайт. Матраимовдун Бишкектеги 256 чарчы метрлик үйү да анын энесине катталган.

«Азаттык» былтыр аныктап чыкканына караганда, Матраимовдун уулу чет өлкөлөрдөгү курорттордо яхталарга түшүп эс алып, 43000 долларлык (3 миллион сомго бир аз жетпейт) кол саат тагынып жүрөт.

Мында журналисттер белгилегендей, аткаминердин расмий кирешеси декларация боюнча жылына 587 миң сомду түзөт, ал болсо 57 жана 39 чарчы метрлик эки батирге жана «Лексус-GX460» автоунаасына ээлик кылат.

Бажы төбөлүнүн агасы, депутат Искендер Матраимов инисинин шарапаты менен бажы кызматы бир ай ичинде кирешени дээрлик 18 эсе көбөйткөнүн айтат.

«Мен билгенден иним Ош бажысынын башчысы болуп дайындалганда бир айлык план 28 миллион эле, ал болсо планды айына 480 миллионго чейин көтөрдү. […] Азыр кесипкөйлүгүнө деле карабай калышкан окшойт, ич ара мамилелерге көбүрөөк назар салып калышкан көрүнөт», — деди депутат.

Искендерден тышкары, Матраимовдун дагы эки бир тууганы чоң кызматта.

2015-жылдын августунда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалганга чейин Матраимов сегиз жыл бою Оштогу бажы кызматынын башчысы болуп келген, бир нече кызматты алмаштырып, жалпы түштүк-батыш бажы кызматынын башчылыгына чейин жеткен.

2010-жылдагы революциядан кийин Убактылуу өкмөт Матраимовду Ош облусунун губернаторунун буйругу аркылуу кызматтан алган. Бирок кийин ал кызматка кайтып келген — «Азаттыктын» журналисттеринин маалыматына караганда, бул үчүн ал 400 миң доллар пара берген. Ал пара тууралуу телефон аркылуу сүйлөшүп жатып Убактылуу өкмөттүн ошол кездеги мүчөсү Алмазбек Атамбаев жана Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары Азимбек Бекназаров кеп кылышкан.

Журналисттер Матраимов Бажы кызматында иштеп турган мезгилинде эч качан интервью бербегенине жана дайыма «көлөкөдө» келатканына көңүл бурушат.

«Азаттык» үналгысындагы иликтөөнүн авторлорунун бири – Kloop.kgнин мурдагы журналисти Элнура Алканова.


ТЕМА БОЮНЧА: