Өкмөт Кыргызстандын герби менен туусунун бирдиктүү стандартын иштеп чыгат

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын герби менен туусун жасалгалоого бирдиктүү талаптарды коё турган мыйзамга кол койду. Эми өкмөт мамлекеттик символика тартыла турган стандарт иштеп чыгышы керек.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү азыр герб менен тууну тартыш үчүн бирдиктүү стандарт жок экенин билдирди.

«Мамлекеттик символиканы пайдаланууда жасалгалоого жана дизайнга карата бирдиктүү талаптарды эске албастан ар кадай варианттарга жол берилип келатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Идея боюнча, герб менен тууну тартууда мамлекеттик органдар аларды президенттин резиденциясында сакталып турган «үлгүлөргө» салыштырышы керек.

«Мамлекеттик туу менен гербдин сүрөттөрү өлчөмүнө карабастан президенттин резиденциясында сакталып турган түстүү же ак-кара сүрөттөргө дал келиши керек», — деп айтылат билдирүүдө.

Эми өкмөт туу менен герб тартыла турган бирдиктүү талаптарды иштеп чыгышы зарыл.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлаганына караганда, мамлекет кыргызстандыктардын өздүгүн тастыктаган электрондук күбөлүктөр үчүн туу менен гербдин дизайнын иштеп чыга баштаганда мамлекеттик символиканын ар кандай дизайнына байланышкан маселе ачыкка чыккан.

«Кабыл алынган мыйзам менен бул кемчилик жоюлат», — деп корутунду чыгарат алар.

«I-Media» маркетинг бюросунун көркөм директору Нурбек Насыранбеков кызматташтары менен бирге 2016-жылдын октябрында гербдин бирдиктүү вариантын иштеп чыккан.

Ал кезде дизайнерлер жана алардын достору өкмөткө кайрылып, мамлекеттик резиденцияда сакталып турган ошол «үлгүлөрдү» таппай коюшкан.

Авторлошу: Нигина Мамадалиева


ТЕМА БОЮНЧА: