«Жер үстүндөгү тунук өткөөлдөр». Бишкектин архитекторлору үчүн идея

Башкы архитектура мэриянын табыштамасы менен Бишкектеги жер үстү менен өтө турган тунук өткөөлдөрдүн долбоорун иштеп чыкты. Алар «тынымсыз транспорт кыймылын» камсыз кылыш үчүн жакын арада салынышы мүмкүн.

Бишкек башкы архитектура «жөө кишилерге жана автотранспорттун тынымсыз жүрүшүнө шарт түзүш үчүн» шаар боюнча жер үстүндөгү алты өткөөл салууну сунуш кылат.

Идеяга ылайык алар шаардын төмөнкү жерлеринде жайгашат:

  • Тынчтык проспекти — Шампанвинкомбинаттын жанында;
  • Мамбетов көч. — Шабдан Баатыр көч. («Мадина» базарынын жанында);
  • Чүй проспекти — Бейшеналиева көч. (Ош базарынын жанында);
  • Шабдан Баатыр көч. М.Жалил жана Жибек Жолу проспектинин ортосунда («Аламүдүн» базарынын жанында);
  • Лев Толстой көч. — (Кыргыз-Орус университетинин окуу корпусунун жанында);
  • Шопоков көч. — Чүй проспекти.

Nadzemnyj-perehod2

Табыштоочулар мэрия бардык документтерди бекитээри менен өткөөл сала башташат.

Дизайнер Дмитрий Бондарев жер үстүндөгү тунук өткөөлдөр Бишкекте «эч кимге кереги жок» деп эсептейт.

«Жер үстүндөгү өткөөлдөр магистралдарга гана коюлаарын жеткирсек болот эле, алар бир тараптуу жолдор да. Шаар ичинде бул караңгылык эч кимге кереги жок. Темир жолдун же электричканын үстүнөн же көп деңгээлдүү жолдордо ошондой кылса өзүн актайт эле. Эми мындай өткөөлдөр кимге керек деген суроо туулат» — дейт Бондарев.

Nadzemnyj-perehod3

Ал жер үстүндөгү өткөөлдөр «кыйла кымбат тураарын» да белгилейт.

«Жок эле дегенде ал акчаны акылдуу жол чырактарга, жашыл толкунга жумшаса болот. Анда Тынчтык проспектинен жөө кишилерге жолтоо кылбай эки мүнөттө өтүп кетсе болот», — деп эсептейт дизайнер.

Авторлошу: Нигина Мамадалиева