Мамлекеттик ипотека 2017-жылдын аягынан тартып бардык кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү болот

Кыргызстандын бардык жашоочулары турак-жай сатып алыш үчүн 2017-жылдын аягынан тартып мамлекеттен ипотекалык насыя ала алышат. Мурда ипотека бюджеттик чөйрөдө иштегендер жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн гана жеткиликтүү болчу.

Германиянын өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 11 миллион евро бөлүп берди, аны мамлекет жарандарга турак-жай сатып алыш үчүн ипотекалык насыя түрүндө бермекчи.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрагасынын орун басары Гүлнара Нуркулова Kloop.kgге айтканына караганда, эгерде мурда ипотеканы бюджеттик чөйрөдө иштегендер жана мамлекеттик кызматкерлер гана ала алса, 2017-жылдын аягынан тартып ал бардык кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү болот.

«Германиянын өнүктүрүү фонду тарабынан макулдашуунун негизги шарты биз насыяны жарандардын бардык категорияларына беришибиз болгон», — деди Нуркулова.

Ал насыя берүүдө Бишкек менен Оштон башка жерде жашаган кыргызстандыктарга артыкчылык берилээрин айтты.

Нуркулова насыя эмгек акысы айына 25 миң сомдон ашпаган жарандарга берилээрин белгиледи.

«Ипотекалык насыялар тизме боюнча, кезек иретинде берилет. Кезек системасы “Советтер Союзундагыдай”. Тизме жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлөт», — деди МИК төрагасынын орун басары.

Турак жай сатып алууга ипотека бир жарым жыл мурда, 2015-жылдын июлунда бериле баштаган. Андан бери ал бюджет чөйрөсүндө иштегендер жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн гана жеткиликтүү болчу. Жалпысынан бул убакыт ичинде Мамлекеттик ипотекалык компания дээрлик 1 миллиард сомдук 834 насыя берген.