Чаткалга гуманитардык жардам калың кар жаагандан беш күн өткөн соң жеткирилет

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусунун Чаткал айыл аймагында жана Каныш-Кыя айылында калың жааган кардан жабыркаган адамдарга тамак-аш жана шифер чатырларын жеткирет. Мурда гуманитардык жардам салынган автоунаалар бороондун айынан жолдо калып калышкан.

ӨКМ Чаткал айыл аймагынын жана Каныш-Кыя айылынын тургундарына 21-февралда тамак-аш жана 120 шифер жеткирилет деп убада берген.

Чаткалдыктар дээрлик бир жума бою жааган кардын айынан тамак-ашы түгөнүп жатканын айтып арызданышкан. Айрым жерлерде күрткүнүн калыңдыгы үч метрге жетти.

Гуманитардык жардам Чаткал районуна 17-февралда — өзгөчө кырдаал режими киргизилгендин эртеси эле жеткирилмек. Бирок ӨКМ билдиргендей жүк ташыган автоунаалар «бороондун айынан» жолдо калышкан.

«Чапчыма ашуусунда бороон уруп, жол көрүнбөй, кар көчкү коркунучу жаралган. КР ӨКМдин министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетекчилик кылган ыкчам тобуна кайра бурулушка туура келди. Гуманитардык жардам жүктөлгөн автоунаалар убактылуу токтотулду», — деп билдирет ӨКМ.

Чаткал айыл аймагынын Ак-Таш айылынын тургуну Жанарбек Рысдөөлөтов 17-февралда Kloop.kgге 200 тургун гуманитардык жардамга муктаж экенин айткан.

«Дүкөндөрүбүздө ун эле калды. Бирок жалаң ун жемек белек? Ошондуктан айылдыктар Кыргызстандын элине жана биздин бийликке жардам сурап кайрылып жатышат», — деген ал.


ТЕМА БОЮНЧА: