«Тактылар оюндарына» шыктанып, кыргыз фильмдери, анын ичинде «Курманжан Датка» жана «Саякбай» үчүн соот жасоого белсенген сүрөтчү Расул Кочкорбаев тууралуу Александра Титованын атайын репортажы.

Бир кабаттуу кенен имараттын босогосунда узун бойлуу москоол эркек турат. Ал 32 жашта. Анын аркасында турган имараттын ичинде, эски цехте ал соотторду жана кылычтарды жасайт. Бул киносүрөтчү Расул Кочкорбаев, ал фильмдер үчүн бутафорияларды жасайт.

Кочкорбаев баатырга окшош: «Кыргызфильмдин» мурда кароосуз калган цехинде ал ойлоп тапкан соот-шаймандар анын өзүнө да сонун жарашмак. Ал усталар командасы менен бирге кинотасмалар үчүн акырындык менен реквизиттерди толуктоодо.

Алар 25 жыл мурун алдыңкы совет тасмалары үчүн бутафорияларды жаратышкан эски имараттын ичинде эмгектенишет. Анткен менен анын мурунку шаңдуулугунан сынык айнектер гана калган.

Кочкорбаев цехтин бир бөлмөсүнүн ичиндеги мештин жанына келди. Ал бир-эки кертим жыгачты мешке салганда ал акырындык менен күйүп ысык ура баштайт. Бул меш устаканаларды гана ысытпастан, ал жерде болотту, костюм үчүн керектелген майда бөлүктөрдү да кызытышат.

Кочкорбаев турган бөлмөдө реквизиттердин үстүндө иштеш үчүн сатып алынган толтура аспаптар менен шаймандар үйүлгөн. Акыркы убакта анын командасы булгаары соотторду көбүрөөк жасап жатат. Студиялар аларды тарыхый-эпикалык фильмдерди же болбосо видеороликтерди тартыш үчүн жасатышат.

Дал ушул орто кылымдардагы кыргыз соотторунун үстүндө иштөө бутафориялардын цехин жаратууга түрткү болду. Усталар бул жерге келгенине аз эле болгон: алар дагы эле бул имаратты абат кылууда. Шып күбүлүп түшүп жатат, таман астында тактай кыйчылдайт, имараттын өзү жалгыз меш жана жылыткыч менен жылыйт, бирок сүрөтчү бул имараттагы жагдайдын өзү эле ишке дем берет дейт.

«Мен бул жерде 120 чарчы метрдин ичинен 65ин ижарага алгам, бирок дагы башка имараттар бар, аянт чоң. Бул жерде бардык киносүрөтчүлөргө орун табылат», — дейт ал.

Расул Кочкорбаев өз колу менен жасаган сооттордун бирин көрсөтүүдө.

Расул Кочкорбаев КМКТАУда сүрөтчүлүккө окуган. Көпкө чейин сүрөтчү катары белгилүү болгон: көргөзмөлөрдү дайыма өткөрүп, балдарга живопистен сабак өтчү.

Ал 2012-жылы «Курманжан Датка» фильминен кийин бутафория менен алектенүүнү чечкен. Фильм үчүн реквизитти толугу менен Кочкорбаевдин командасы жасаган, ал эми өзү темир устанын ролун да ойногон.

«Мен "Курманжан Датка" фильминен кийин бутафория деген багыт бар экенин жана ал азырынча бош жатканын түшүндүм», — дейт ал.

Расулдун айтымында, ал кыргыз баатырларынын эрдигине, Тайлак баатырдын өмүр жолуна же Манас тууралуу уламыштарга арналган тарыхый кыргыз фильми тартылышын күтүп жатат.

«Бизде тарыхый фильм тарткысы келген гениалдуу режиссёрлор көп. Бирок маселенин баары соот болмоюнча фильм тартуу мүмкүн эместигинде жатат», — дейт ал.

Тарыхый фильмдер үчүн реквизиттерди жасоо — узак жана кымбатка турган иш. «Саякбай» фильми (айтылуу кыргыз манасчысы тууралуу Эрнест Абдыжапаровдун алдыда тартыла турган тасмасы) үчүн Кочкорбаевдин командасына эки соот жасатышкан. Иш үчүн беш миң доллар төлөп беришкен, сооттор төрт айдан кийин даяр болду.

«Кылдат иштеп чыга турган майда-чүйдөсү өтө көп болду. Мисалы, жалаң колдугун эле бир жума жасадык: иштеп чыгып, жылмалаганга эле көп эмгек кетти», — дейт ал.

Ошого карабастан, анын командасы чыгашадан коркпойт. Сооттордун көбүн Расул ижарага берет: мисалы, Көчмөндөр оюндарында анын төрт костюмун, найзасын жана калканын ижарага алышкан.

Киносүрөтчүлөр жеке табыштамалардын эсебинен да акча таба алышат. Усталар реквизиттердин бардык түрлөрүн, анын ичинде идиштерди, эски сандыктарды, эмеректерди, фанера дубалдарды жасашат, бирок кантсе да тарыхый репродукцияга артыкчылык беришет.

Азырынча Расул булгаары реквизиттер менен гана алектенет, бирок келечекте анын командасы темир соотторду жасаганга да ниеттенүүдө.

Расул эски соотторду жасоого олуттуу мамиле кылат. Ар бир табышталган иштин алдында ал архивдердеги сүрөттөрдү жана тарыхый булактарды эрикпей карап чыгат. Андай буюмдардын сүрөттөрүнө телефону толуп кеткен.

Анткен менен кыргыз кийими тууралуу маалымат табыш оңой эмес. Расулдун айтымында, иш жүзүндө кыргыз соотунун үлгүсү жок.

«“Кыргыздыкы” деп жазышат, бирок анан ошол эле соот "түрктүкү" болуп кездешет. Ошондуктан мен адатта түрк элдерине тиешелүү нерселердин баарын карап чыгам — алар кыргыздарга өз. Натыйжада биздеги образдар да жүз пайыздык реконструкция эмес, жыйынды образдар», — дейт ал.

Ошого карабастан, ал кесиптештери менен бирге Кыргызстандын тарыхын изилдеп, өз билим көрөңгөсүн толтурууга аракет кылышат. Алардын цехинде кыргыз баатырларынын эрдиги тууралуу китептерди, өнөр тууралуу энциклопедияларды жана итальян-орус сөздүктөрүн тапса болот.

Итальян сөздүгү тууралуу суроого жооп берип жатып Расул бир окуяны эстеди. Анын досу бир жолу Италиядан келип, ага: «Ар бир сүрөтчү ушул өлкөгө барып келиши керек» деген экен.

Ошол сөздөн кийин ал дагы ошол жерге барып келмекчи болот. Адегенде тил үйрөнүп, кийин Италияга барып келет. Миландан башка дээрлик бүт чоң шаарларын көрүптүр. Ошол сапарынан кийин ал өнөр дүйнөсүн ого бетер жакшы көрүп калып, кинематографка тартыла баштаган.

Мурда Расул сүрөтчү болчу: дайыма көргөзмөлөрүн өткөрүп, балдарга живопистен сабак берчү.

Соотторго муктаждык бар, бирок Расул моюнга алгандай, кышында гана жок. Жылдын бул мезгилинде роликтер менен фильмдер дээрлик тартылбайт — баасы оңойго турбаган бутафориянын чыгашасын көтөрө ала тургандары андан бетер.

Табышталган иш аз болсо дагы, ал жайга чейин көбүрөөк соотторду жасаш үчүн материалдарга акча корото берет. Акча көп кетет — Расул өз соотторун нагыз булгаарыдан жасайт, ал эми сооттордун алдындагы көйнөктөр менен шымдарды эски кебез кездемеден тигет.

«Соотторго канча миң сом жумшаганыбызды билбейм, бирок аялым экөөбүз жумшап эле атабыз», — деп күлдү ал.

Киного реквизит жасаш үчүн Расул сүрөт тартып, тигип эле тим болбойт. Соотторду жасалгалаш үчүн ал зергерчилик ишти өз алдынча изилдеп чыгууга мажбур болду: металл иштетиш үчүн жана баалуу таштарды кыргакташ үчүн атайын эки аспап сатып алды. Зергерге бутафориянын жасалгасын тапшырып койсо деле болмок, бирок Расул киносүрөтчү ар тараптуу болушу керек деп эсептейт. Ал мындай сапатты өзүнөн эле эмес, кесиптештеринен да талап кылат.

«Сүрөтчү деген чоң сөз. Сүрөтчү колу менен иштеп, композиция койгонду билиши керек. Анын иши ар тараптуу болушу зарыл», — дейт ал.

Расул чакан шкафтан баштык алып чыкты, анын ичиндеги түркүн түстүү таштар сооттун курундагы жана жеңиндеги саймаларга коюлат. Бул таштардын бирөө үч доллар турат, айрым табышталган иштер үчүн ондогон ушундай таштар керек болот. Көп учурда алдын-ала акча коротконго туура келет — мисалы, мына бул ташты Кочкорбаев Тажикстан менен чек арада сатып алган — ал мындай коромжу үчүн аялы үйдөн кууп чыга электигине аябай сүйүнгөнүн айтып тамашалады.

Расулдун соотторун кийген актёрлордун көрүнүшү ушундай.

Расул карандаш менен шаблонду чийип, жумушчу столунда жаткан жумшак булгаарыга кезектеги үч бурчтугун тартты. Аялы Элвира тигүүчү машинкада отуруп тигип жатат.

«Ал мага кээде кесибиңди алмаштрбайсыңбы дейт, бирок чынында ал мага көп жардам берет, — деп тамашалады Расул. — Кышында башка усталар ар кайсы жумуштарга кетип мен жалгыз калганда ал келип терини тиккенге жардам берчү. Мен ага ошон үчүн абдан ыраазымын».

Анын аялы токтоо, ай чырайлуу, ак жуумал сулуу келин. Элвира бухэсепти таштап, күйөөсүнө жардам бериш үчүн эски үлгүдөгү кийим тиккенди үйрөнүп алды. Кийим тиккен машинеде отуруп, ал өзүнүн балалык кыялдары жөнүндө айтып берет.

«Бала кезимден эле модельер болом деп кыялданып бир нерсе кылганга аракет кылчумун. Кийим тикким келип өзүмдүн кийим-кечемди бузчумун. Ал үчүн мени апам көп урушчу, — деп эскерди ал. — Бирок мени бухэсептин окуусуна берип, иштетишти. Азыр болсо тигем. Мага жолдошум менен бирге иштеген жагат, анткени аябай кызык. Кээде өтө кечке отуруп калабыз».

Ал жылыткычтын жанында отурат, чоң лампа машинкенин жанындагы иш ордуна жана анын томпойгон курсагына жарык берип турат — Элвира жакында жаш эне болот.

Анын жанында фигуранын контурусуз тигилген, жантык, моюн менен колдор үчүн көзөнөктөрү бар бир нече көйнөк жатат. Ал жылмайып, анан кайра кабагын бүркөп, дайыма жолдошун базарлардагы бөлүмдөрдөн же дүкөндөрдөн сүйрөп кетүүгө туура келээрин кошумчалады.

«Бул аларга абдан суктанат, мен түшүнүп турам, анын баары керек. Бирок кээде биз өзүбүзгө айрым нерселерди сатып алалбайбыз, ошондуктан жагып калган материалды же аспапты кийинчерээк сатып алышын суранам», — дейт ал.

Расул күлүп, бир күнү аялы бардык аспаптарынын баасын эсептеп чыкса 30 миңдей доллар чыкканын айтат. «Бирок баары бир мен жыл сайын бир нерсе кошумча сатып алып турам», — деп тыянактады ал.

Расул жумуш үстүндө.

Кочкорбаевдин устаканасындагы бутафордук курал-жарак нукура курал-жарактай эле жасалат: болот куюлуп жана согулуп, бирок курчутулбайт. Кылыч курчутулмайынча курал-жарак болуп эсептелбейт жана аны фильм тартууда колдонсо болот.

Расул күрөң кездеменин кичинекей бөлүгүн түздөп жатып, аны табуу кыйын болгонун айтты. Советтер Союзундагыдай сапатты азыркы өндүрүүчүлөрдөн таппайсың, ошон үчүн материалдарды эски-уску саткандардан издейсиң. Ошолорду сактап, эми сатып отурган камдуу чоң апалардын оокаттарынын арасынан да зорго табасың.

«Мен совет мезгилиндеги кездемени алам, анткени андан өзгөчөлүү көйнөктөр чыгат, — дейт ал. — Бирок эски-уску саткан жерге дайыма кооптонуу менен барам, ушунун баары бир күнү бүтүп калат деп».

Кээде жөнөкөй базарлардан керектүү жипти да таппайсың. Тарыхый фильмге жылтырап турган синтетика жиби жарабайт: азыркы заманбап материал экени билинип калат. Ал эми пахтадан жасалган кездеме экрандан сонун көрүнөт, бирок өтө кымбат.

«Синтетикалык кездеменин метрин 150 сомго алсаң, пахтадан жасалган кездемени 500 сомдон жогору баада алса болот», — дейт ал.

Бир күнү жыйырма метр арзан жана сапаттуу пахтадан жасалган кездемени таап алды. Расул ошол жерден ойлонбой туруп бардык кездемени метрин 100 сомдон алат, азыркы стандарттарга караганда бул арзан. Бул жыйырма метр кездемеден ал он көйнөк тиккен.

Расулдун айтымында, тери жагынан кыйынчылык жок, анткени Кыргызстанда булгаары заводдору жакшы өнүккөн.

«Биздин "Булгаары" заводу, билсеңер, терини Италияга жөнөтөт. Ал кымбат, 10го 10 сантиметри 27 сом турат, бирок аябагандай сонун. Анан дагы жумшактыгычы — мындай нерсе сооттордун капталдарына жакшы болот эле, кийгенге ыңгайлуу болот», — дейт ал.

Сооттор үчүн Расул жергиликтүү өндүрүш чыгарган терини колдонот.

Расул өзүнүн бутафор соотторго болгон кызыгуусу тарыхый сериалдардын таасири астында болгонун айтат. Өзгөчө «Тактылар оюндарын» жана «Спартакты» баса көрсөтөт.

«"Эмне үчүн бизде мындай кино тартышпайт?" деген ойлор дайыма келчү. Ошондон улам биз соотторду жасоону чечтик», — дейт ал.

Расул азырынча Кыргызстан үчүн гана реквизиттерди жасайт, бирок «Тактылар оюндары» үчүн декорацияларды жана соотторду жасаганды кыялданат.

Жакынкы пландарынын ичинен Расул темир соот менен иштегиси келгенин айтат. Азырынча Расул тери реквизиттери менен иштеп жатат жана бир соот үчүн үч адамдын эмгегин талап кылган үч күнү кетет. Темирден жасалган соот көбүрөөк көңүлдү алат — эки адам бир эле темир соотту жасоодо жарым жыл кетирет.

Ошол себептен Расул устаканада көп кол керек экендигин түшүндүрдү. Кээде ага жогорку окуу жайларынын студенттери практикага келишет, анан жакшы иштегендерин өзүнө жумушка алып калат.

Жардамчыларды издөөнүн башка ыкмасы — бул «жоокер» деп аталган балдардан тандап алуу. Расулдун түшүндүргөнүнө караганда, «Саякбай» фильмин тартууда үч үй куруш керек эле, ошого көп «жоокер» балдарды чакырышкан.

«Ушул көпчүлүктүн ичинде эки-үч чебер колдор чыгат — андайларды алып калып, үйрөтүп, андан кийин чогуу иштейбиз. Чоро менен Белек ошентип калып калган», — дейт ал.

Бул сөз айтылып жатканда Белек Арабаев күлүп, устатын карап, ийнин куушуруп койду. Ал «Манас» университетинин 4-курсунун студенти. Ал жерде актёрлук чеберчиликти үйрөнүп жатат, бирок бир жарым жыл мурун Расул Кочкорбаевге практикага келген.

Белек Арабаев, Расулдун жардамчысы.

Белек сүрөтчүлөрдүн үй-бүлөсүндө өскөн, бала кезинен эле сүрөткө шыгы бар эле, кээде ошону менен акча тапчу. Бирок ал тажрыйба жетишсиз экенин билип турган, ошондуктан практика үчүн орун издеген.

«Башында кыйын эле болду, дайыма бир жерин бузуп алчумун. Бул иш мага ылайык эмес деген ойлор да келген. Бирок акырындык менен тажрыйбага ээ болуп, коркунучту жеңдим — эми мен өз ордумду таптым деп ойлойм. Мага бул жерде иштеген жагат», — дейт ал.

Белек өзүнүн практикасындагы баштапкы кыйынчылыктарды эстеп жатканда Расул экөө бири-бирин карап кыткылыкташат. Күлө карап, киносүрөтчү мындай жумушта жалаң эле студенттер эмес, баары ката кетирээрин түшүндүрдү. «Мен да ката кетирем, ансыз болбойт», — дейт ал.

Расул бутафордук цехтин бош имаратын киносүрөтчүлөр менен толтургусу келгенин айтты. Цехте азырынча өзүнөн башка эки жардамчысы Чоро менен Белек жана өзүнүн аялы Элвира гана иштешет.

Анын айтымында бул үчүн муктаждык керек: металлдан, жыгачтан, териден жасалган реквизиттерди талап кылган масштабдуу долбоор зарыл. Советтер Союзунда цехте көп бөлүмдөр болгон, бирок азыр багыты боюнча колдонулганы Расулдун командасы иштеген жер.

Өлкөдө бутафория боюнча усталар бар экенине карабай көпчүлүк кыргыз режиссёрлору Казакфильмдин реквизиттерин ижарага алып турушат.

«Кинематографисттер үчүн декорациянын буюмдарын кыргыз усталардан алдыруу ыңгайлуу жана арзан да болмок, бирок алар дагы эле чет мамлекеттен ижарага алышат», — дейт Расул.

Цехтеги жумушту кайрадан жандандырыш үчүн 1990-жылы тартылган «Жеңүүчүнүн көлөкөсү» (Чынгыз хан жөнүндөгү советтик тасма) сыяктуу мамлекеттик чоң долбоор керек.

«Ошол кезде бүт Кыргызстан жана бардык кийим тигүү цехтери ушул фильмдин үстүндө иштешкен. Ал фильмди эмне үчүн ушул жерден тартмакчы болушканын так билбейм. Бирок ошондо "Спартак" стадиону толук ижарага алынган. Ал жерде чатырлар тигилип, анда беш миң тигүүчү күндө костюм тикчү. Натыйжада алар монгол жана кытай армиясын толук сооттор менен жабдып чыгышкан», — дейт ал.

Расул советтик сүрөтчүлөр менен көп иштегенин, алар «Кыргызфильмде» иштеген ишин эскеришкенин айтып берди. Алар ошол кезде Кыргызстан негизинен бардык совет картиналары үчүн костюмдарды тиккенин айтып беришкен.

«Союз кулагандан кийин бутафория цехи ээн калды, бирок биздин келишибиз менен бул имараттын экинчи өмүрү башталгандай болду», — дейт ал.

Тексттин автору: Александра Титова
Сүрөт: Рустем Ильясов
Видео: Арсений Мамашев, Азат Рузиев, Эдил Байызбеков
Монтаж: Эдил Байызбеков

Редакция тасма тартууга берген кылычтары үчүн Бишкектеги «Баатыр» тарых клубуна ыраазычылык билдирет.


ТЕМА БОЮНЧА: