«Прецедент» компаниясынын юристтери «Ата Мекен» партиясынын адвокаттарына жана эки кыргыз ЖМКсына каршы Башкы прокуратуранын доосун талдап чыгышты. Биз алардын укуктук комментарийин өзгөртүүсүз жарыялайбыз.

Алмазбек Атамбаев, өлкөдөгү эң жогорку саясий кызматты ээлеп тургандыктан, эл көзүндөгү адам экендиги анык.

Эл көзүндөгү адамдардын ар-намысын жана ишкерлик аброюн коргоо боюнча талаштардын сотто каралышынын өзгөчөлүгү бар.

2004-жылдын 12-февралында Европа Кеңешинин Министрлер Комитетинин 872-отурумунда кабыл алынган ЖМКдагы саясий талкуу эркиндиги тууралуу декларациянын 3 жана 4-беренелерине ылайык, коомдук колдоо тапкысы келген саясий ишмерлер ошону менен бирге коомдук талкуунун жана ЖМКдагы сын пикирлердин да объекти болууга макулдук беришет.

2015-жылдын 13-февралындагы Жогорку соттун пленумунун токтому төмөнкүлөрдү аныктайт: «Мамлекеттик кызмат адамдары ЖМКда өз милдетин кандай аткарып жатканы боюнча сынга алынышы мүмкүн, анткени бул алардын өз ыйгарым укуктарын ачык жана жоопкерчиликтүү аткарышы үчүн зарыл. Эл көзүндөгү адамдар алардын сөздөрүн жана жүрүш-турушун чагылдырууга ачык болот».

«Заноза» жана «Азаттык» маалымат агенттиктери өз материалдарында Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары Таалайкүл Токтакунова менен Азиз Канатбектин сүйлөгөн сөздөрүнөн түздөн-түз үзүндү келтирүүнүн негизинде жалпылоочу заголовок колдонушканын белгилей кетүү зарыл.

Басылмалар негизсиз сынга, «жалаа жабууга» же «каралоого» жол беришкен эмес, алар көрүүчүлөрдү кабардар кылыш үчүн адвокаттардын сөздөрүн өзгөртүүсүз беришкен.

Башкы прокуратуранын жоопкерлерге доомат койгон талаптарында Кыргызстандын президенти тартты деген моралдык чыгымдын компенсациясы катары 23 миллион сомдук сумма көрсөтүлөт:

— Таалайкүл Токтакунова менен Азиз Канатбектан жалпы жонунан — 10 000 000 сом;
— «Азаттык медиа» мекемесинен — 10 000 000 сом;
— «ПроМедиа» коомдук фондунан — 3 000 000 сом.

Сотто моралдык чыгымды төлөп берүү талабын кароо Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 14, 16, 18, 1027, 1028-беренелине туура келиши керек.

Моралдык чыгымдын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоодо сот макаланын мүнөзү менен мазмунун, чындыкка туура келбеген маалыматтарды таркатуунун деңгээлин жана башка көңүлгө ала турган жагдайларды эске алууга тийиш. Мында акыл-эстүүлүк жана калыстык талаптары эске алынышы керек. Атап айтканда, доо арыз эл көзүндөгү адамды коргош үчүн берилгенин соттор көңүлгө алышы зарыл.

Доо арыздан көрүнүп тургандай, Башкы прокуратура «Заноза» менен «Азаттыктын» сайттарында жарыяланган материалдардын айынан президенттин денеси жана/же абийири тарткан зыянды көрсөткөн жок жана соттук тартипте талап кылынган акчанын өлчөмү зыянга жараша болгонуна жүйө келтирген эмес.

Жарандык укуктарды коргоонун ыкмасы катары моралдык чыгымды төлөтүү доо арыз берген тарапты байытуунун ыкмасына айланбашы керек.

Башкы прокуратура президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргош үчүн оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын юристтерин, ошондой эле «Заноза» жана «Азаттык» маалымат каражаттарын сотко берген.

Доо арызда «Ата Мекендин» юристтери жана онлайн-басылмалар президент тууралуу «жалган» маалымат таратышканы көрсөтүлөт. Партиянын юристтери Түркиянын атайын кызматынан Бишкектин жанында кулап түшкөн «Боинг-747деги» жүк — компьютерлер, чөнтөк телефондор, баалуу металлдар жана таштар — Атамбаевге жана анын аялына таандык экендиги тууралуу «документтерди» алышканын билдиришкен.

ПИКИР БИЛДИРИҢИЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here